https://sputnik.kg/20201030/ilbirsti-saktoo-turizm-janybar-1050256459.html
Асыкулов: чет элдиктер илбирсти көрүү үчүн эбегейсиз акча төлөмөк
Асыкулов: чет элдиктер илбирсти көрүү үчүн эбегейсиз акча төлөмөк
Sputnik Кыргызстан
NABU-Кыргызстан уюмунун жетекчиси Толкунбек Асыкулов аңчылык кылууга убактылуу мораторий киргизүү боюнча мыйзамдын өтпөй калганы өкүндүрүп жатканын айтты. 30.10.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-10-30T11:51+0600
2020-10-30T11:51+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104677/36/1046773693_0:0:3068:1734_1920x0_80_0_0_9d6c110429de9e529bbe0a1ce72364f9.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104677/36/1046773693_0:0:3068:1928_1920x0_80_0_0_3c0708070db28f3fa7b2d56b82f199dd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан
Асыкулов: чет элдиктер илбирсти көрүү үчүн эбегейсиз акча төлөмөк
11:51 30.10.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) NABU-Кыргызстан уюмунун жетекчиси Толкунбек Асыкулов аңчылык кылууга убактылуу мораторий киргизүү боюнча мыйзамдын өтпөй калганы өкүндүрүп жатканын айтты.
Чет элдиктер илбирсти көрүү үчүн эле эбегейсиз акча төлөйт. Бул тууралуу Толкунбек Асыкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, антропогендик таасирден улам жаныбарлар байырлаган аймактар барган сайын азайып бара жатат.
Асыкулов: илбирстер картайып же жарадар болсо гана ылдый түшөт
"Айыл чарба, жайыт жерлердин аймагы кеңейип, кен көбөйгөн сайын жаныбарлар жашаган аймактар азаюуда. Натыйжада жапайы жандыктар да азайып, айрымдары жоголуп кетүү коркунучунда турат. Анысы аз келгенсип, аңчылык, браконьерлик дагы бул процессти ылдамдатууда. Ошондуктан жаныбарларды көбөйтүп алуу максатында убактылуу аңчылыкка тыюу салып туруш керек. Ал эми туризмди жаныбарларды атпай деле өнүктүрсө болот. Мисалы, фототуризм деген багыт бар. Жаныбарлар менен сүрөткө түшүүнү каалагандар аңчылык кылуудан да көп кездешет. Мындан бир канча жыл мурда чет элдиктер илбирсти көрүп алсак эле болду деп келишкен. Мына ушул сыяктуу туристтер мергенчилердей эле акча төлөйт", — деди Асыкулов.
Ошондой эле ал аңчылыктан пайда табууну көздөгөндөр үчүн анын баасын кымбат кылуу керектигин кошумчалады.