"Жеңил жагдай". АКШ эмнеликтен Баку менен Ереванды элдештире алган жок?

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТоолуу Карабахтагы аскер кызматкерлери
Тоолуу Карабахтагы аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу Карабахтагы жаңжал бир айга чукул убакыттан бери уланууда, гуманитардык элдешүүнүн үч аракети оңунан чыкпады.

Кошмо Штаттардын ортомчулугу аркылуу макулдашылган ок атууну токтотуу режими да дароо эле бузулду. Америкалыктар аймакта тартипти орнотууну убада кылууда, бирок буга ынангандар саналуу. Бул маселеге сереп салган Галия Ибрагимованын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Америкалык жандануу

"Кошмо Штаттар Армения жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери жана ОБСЕнин Минск тобунун тең төрагасынын ортосундагы жемиштүү сүйлөшүүлөргө кол кабыш кылды. Биздин аракеттер Тоолуу Карабахтын тегерегиндеги жаңжалды жөнгө салууга багытталган", — деп жар салды АКШ мамлекеттик департаменти.

Россиянын ортомчулугундагы мурдагы эки макулдашуу бузулгандыгын эске алуу менен Майк Помпео: "Зограб Мнацаканян жана Жейхун Байрамов (Армения жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери — ред. тактоосу) элдешүүнүн шарттарын аткара тургандыгын ынандырышты", - деп жеке өз атынан бул сүйлөшүүнүн жыйынтыгына кепилдик берген.

Чек араны коргойм! Пашиняндын жубайы Карабахка бара турганын айтты

Тоолуу Карабахтагы жаңжалды жөнгө салууга кызыгуусун АКШ президенти Дональд Трамп да көрсөттү. Нью-Гэмпшир штатындагы тарапташтарынын алдында ал кавказ согушун "чечүүнү" убада кылды. "Эмнеге болбосун? Эгер эмне кыларыңды билсең, бул жеңил эле жагдай", — деди Ак үй башчысы.

Нью-Гэмпшир шайлоодо кимге добуш берүү боюнча так бир чечимге келе элек тургундары бар штаттардын бирине кирет. Аймактагы көп сандагы армениялык диаспоранын добушун тартуу үчүн Трамп ага түз кайрылды.

"Армяндарды карагылачы, кандай күчтүү кишилер. Тозоктогудай күрөшүп келишкен. Күжүрмөн калк. Биз аларга жардам беребиз. Биз Сербия менен Косовонун көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшкөнбүз. Тоолуу Карабахка да кол сунабыз. Биздин максат — адам өмүрлөрүн сактап калуу", — деп билдирди АКШ лидери. Анын сөзүн аталган штаттагы тарапташтары кол чабуулар менен кубатташты.

Америкалыктардын Армения менен Азербайжанды сүйлөшүүгө бир столго отургузуу демилгесин россиялык президент да колдоого алды. "Вашингтон биз менен үндөш аракетте болот, жөнгө салууда жардамдашат деп ишенем", — деп баса белгилеген Владимир Путин.

Элдешүүнүн үзгүлтүккө учурашы

Гуманитардык элдешүү 26-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат сегизде күчүнө кирген. Бирок жарым саат өтө электе эле касташкан тараптар макулдашуулардын бузулганын айта башташты. Азербайжан тарап Армениянын Куралдуу күчтөрүн Тертер жана Тоолуу Карабах менен чектешкен калктуу пункттарды аткылоого айыптады. Көп өтпөй армениялык коргоо мекемесинин билдирүүсү жарыяланды. Анда азербайжандык аскерлер "чектешкен чийиндерге карай түндүк-чыгыш багыттарга" артиллериялык ок атышканы айтылат.

"Кан төгүп жатышат". Карабахта россиялык тынчтык орнотуучуларды ким күтөт?

Жарыяланбаган республикадагылар "элдешүүнүн бузулганы боюнча да, түштүктөгү азербайжан позициясынын атышы жөнүндөгү билдирүүнү да" жалган маалымат деп аташты. Бирок түшкө маал үчүнчү гуманитардык элдешүү үзгүлтүккө учураганын моюнга алышты. Степанакерт Карабахтагы Мартунин районундагы кыштактардын бирине ракеталык сокку үчүн Бакуну күнөөлөдү. Ал ортодо Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да, Тоолуу Карабах республикасынын башчысы Араик Арутюнян да элдешүүнү (эрежелерин) сактоого даярдыгын билдиришти. Убактылуу тынымга Азербайжан президенти Ильхам Алиев да каршы чыкпады. Ошону менен бирге эле эл аралык ортомчуларды бейтараптуулукка чакырды.

"Эгер ок атууну токтотууну каалашса, Арменияга биздин территориядан чыгышын айтышсын. Андай болбой турган болсо, биз акырына дейре барабыз", — деп эскертти азербайжан лидери.

Тоолуу Карабахтагы кырдаалды жөнгө салууга кызыкдар "тышкы оюнчуларга" Сергей Лавров да кайрылды. Тагыраак, ал Түркияга Кавказдагы таасирин пайдаланууга кеңеш берди.

"Тоолуу Карабах темасы боюнча Түркиянын тышкы иштер министри Чавушолу менен бир нече ирет телефон аркылуу сүйлөштүк. Тынч жөнгө салуу линиясын колдоого Анкараны көндүрүүгө аракет кылуудабыз", — деп маалымдады РФ ТИМ башчысы.

Лавров Карабахтагы абалды турукташтыруучу шарттарды атады

Түркиянын оюндары

ОБСЕнин Минск тобу касташкан тараптарды жараштыруу аракетин токтото элек.

29-октябрь, бейшембиде, аталган топтун тең төрагалары Женевада Армения жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери менен кезигет. Бирок бул жаатында серепчилер шектенүү менен карашат.

"Мында араздашкан жактардын кызыкдар болушу маанилүү. Азырынча андай маанай байкалбайт. Ар жолкусунда азербайжан тарап Тоолуу Карабахты аткылоону баштайт. Армениянын аймагына улам дрондор учуп кирүүдө. Бул Бакунун токтогусу келбегенинен кабар берет", — деп эсептейт Армениянын Мамлекеттик башкаруу академиясынын Аймактык изилдөө борборунун илимий кызматкери Жонни Меликян.

ОБСЕнин Минск тобунун аракеттерин Ереван колдоп жатканын белгилөө менен ал Азербайжанга болушуп жаткан Түркиянын бул процесске жолтоо болуп жатканын айтат.

"Москва, Вашингтон, Париж жарашууга үндөөдө. Анкара буга каршы чыгып Бакуну куралдуу конфронтацияга шыкактоодо. Ошону менен катар Түркия тарап ОБСЕнин Минск тобунун теңтөрагасы болуу ниетин да жашырбайт. Эгер ошондой боло турган болсо, бул формат кыйрайт", — деген оюн ортого салат эксперт.

"Капканга түштү". Карабахтагы кагылышуу эмнеге басылбай жатат

Америкалыктардын демилгелери

Россиялык кавказ таануучу Нурлан Гасымовдун пикиринде, Тоолуу Карабахтагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Кошмо Штаттардын ортомчулугу эң башынан бери эле кыйроого дуушар болгон. Айтымында, эки тарап тең жарашууну жаңжал аймагында кошумча резервдерин жакындатуу жана позициясын бекемдетүү үчүн пайдаланууда.

"Лачин коридору үчүн айыгышкыс салгылаш жүрүүдө. Эгер Азербайжан аны басып алса, Армения менен Тоолуу Карабахтын ортосундагы түз коммуникация үзүлөт. Бул жагдайды кескин өзгөртөт. Баку Лачинге бир топ күч салды, ушул тапта Азербайжанга жарашуу пайдасыз", — дейт Гасымов.

Вашингтондун активдүү катышуусун америкалык шайлоо алдындагы өнөктүк менен байланыштырат эксперт. Бирок ал АКШнын жаңы администрациясы Түштүк Кавказга кызыгуусу бачым эле таркайт деген ойдо.

"Вашингтон тараптан тек демилге 1999-жылы көтөрүлгөн. Ал кезде Ки-Уэстедеги жолугушууда Кошмо Штаттардын атынан сүйлөшүү жүргүзүүчү Пол Гобл аймактарды алмашуу планын сунуштаган: Тоолуу Карабахтын тегерегиндеги жети районду Азербайжанга кайтарат, ал эми Баку Армения жана Ирандын чек арасындагы тар тилке – Мегрин коридорун кайтарып алуу менен Арменияга Тоолуу Карабах республикасын жана Лачин коридорун өткөрүп берет.

Түркия Россияны Закавказьеден сүрүп чыгара алабы?

Бирок Ереван баш тарткан, анткени Иран чек арасы өлкөнү тыш дүйнө менен байланыштырып турат. Баку үчүн Гоблдун планы Тоолуу Карабах Республикасынан айрылууну туюндургандыктан, мурдагы президент Гейдар Алиев андай макулдашууга макул болгон эмес", — дейт Гасымов.

АКШнын Тоолуу Карабах жаңжалын жөнгө салуу боюнча 90-жылдардагы аракеттерин эксперт тараптарды жараштыруу да эмес, көбүнесе өзүнүн "Кавказдын мунай-газ секторуна салган инвестицияларынын коопсуздугуна" умтулуу деп баалайт.

"Батыш Түштүк Кавказдагы газ жана мунай түтүктөрүн курууга салган каражаты оңой өлчөмдө эмес эле. Азербайжан мунайы Европада россиялык энергоресурстарга альтернатива катары каралган, америкалыктар муну болушунча колдоого алышкан.

Согуш бул долбоорду ишке ашырууга жолтоо болмок. Бирок Гоблдун планы ишке ашпай калган соң Вашингтон тынчтык орнотуу демилгесин толугу менен Россияга өткөрүп берген", — деп эскерет Гасымов.

Москва менен консенсус

АКШ жана Канада институтунун улук илимий кызматкери Павел Кошкин да америкалык тынчтык орнотуу демилгени шайлоо алдындагы кырдаалга байланыштырат.

"Трамп добушун кимге берери аныктала элек штаттардагы көп сандагы армяндардын диаспорасынын ишенимине татууга ашышат. Бирок шайлоодон кийин Вашингтон Кавказды кайрадан унуткарат", — деп болжойт эксперт.

Кошкиндин пикиринде, Тоолуу Карабахтагы кырдаал көзөмөлгө салына тургандай туюлган, ошондуктан алар аны жөнгө салуу маселесинен бир топ жылдан бери оолак калды. "Украина же Грузиядагы жагдайдан айырмаланып АКШга бул анчалык чиеленишкен маселе катары сезилген эмес. Башка дымып турган жаңжалдарга салыштырмалуу мында дайым Москва менен консенсус бар эле", – деп түшүндүрөт серепчи.

Ак үйдүн башына ким келсе да, Тоолуу Карабахка кызыгуу маргиналдык болуп каларын айтат Кошкин. Мында Вашингтондун Москванын пикирине таянган саналуу темалардан экендигинин мааниси чоң.

Жаңылыктар түрмөгү
0