Жүрөгү тоо жигиттер гана барат! "Альфа" элиталык кызматы тууралуу 8 факты

© Фото / Международное объединение ветеранов антитеррористического подразделения "Альфа"Элитное подразделение "Альфа"
Элитное подразделение Альфа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы кооптуу жана ири операцияларды жүргүзгөн атайын даярдыктагы бөлүктөрдүн сап башында "Альфа" турары талашсыз. Кызмат бүгүн 28 жылдыгын белгилеп жатат.

"Альфа" атайын багыттагы бөлүгү узак тарыхы, жүздөгөн операцияларды ишке ашырышы жана катарына мыкты жоокерлерди кошуу менен элиталык болуп эсептелет.

Sputnik атайын кызмат тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады.

Түптөлүшү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) караган кызмат 1992-жылдын 27-октябрында түзүлгөн. Аны кээде "А" (Антитеррор) тобу деп дагы атап жүрүшөт.

Совет убагында жалпы Мамлекеттик коопсуздук комитети (КГБ) болуп, Москвада жайгашкан. Ошондой эле аймактарда бөлүмдөрү иш алып барган. Ал эми СССР кулагандан кийин союзга мүчө-мамлекеттин бардыгы өз алдынча атайын багыттагы кызматтарын түзө баштаган. 

© Фото / Международное объединение ветеранов антитеррористического подразделения "Альфа"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 28 жыл мурда түзүлгөн. Аны кээде "А" (Антитеррор) тобу деп дагы атап жүрүшөт
Жүрөгү тоо жигиттер гана барат! Альфа элиталык кызматы тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 28 жыл мурда түзүлгөн. Аны кээде "А" (Антитеррор) тобу деп дагы атап жүрүшөт

Милдеттери

"Альфанын" негизги милдети — улуттук коопсуздукту камсыздоо, конституциялык түзүлүштү бузууга жол бербөө, коомдук-саясий абалды курчутууну көздөгөн террордук, экстремисттик жана массалык башаламандык аракеттерин алдын алуу жана бөгөт коюу, барымтадагыларды бошотуу. Ошондой эле өтө оор кылмыштарда операцияларды жүргүзүүгө милдеттүү.

ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди. Сүрөт

Курамы

"Альфа" террорчулукка каршы күрөшүү боюнча ардагерлердин эл аралык ассоциациясынын президенти Юрий Погибанын Sputnik агенттигине айтып бергенине караганда, атайын даярдыктагы кызматтагылардын көбүн офицерлер, азыраагын прапорщиктер түзөт. Арасында аял-кызматкерлер дагы бар. Бирок алар көбүнчө аналитикалык жана штабдык ишти аркалап, зарыл учурда гана атайын тапшырмаларга тартылышы мүмкүн. 

© Фото / Международное объединение ветеранов антитеррористического подразделения "Альфа""Альфанын" катарына кошулам деген жоокерлерге талап күч. Бир катар сыноолордон кийин гана атайын операцияларды жүргүзүүгө катыша алышат.
Жүрөгү тоо жигиттер гана барат! Альфа элиталык кызматы тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
"Альфанын" катарына кошулам деген жоокерлерге талап күч. Бир катар сыноолордон кийин гана атайын операцияларды жүргүзүүгө катыша алышат.

Даярдыгы

Спецназдар машыгуудан өтүп келген мамлекеттердин саны оголе көп. Сырттагы кесиптештер менен тажрыйба алмашуу байма-бай болуп турат. Ал эми иш күнүндө эмне менен алектенишет деген суроо бардыгына кызык болсо керек.

Кызматкерлер өздөштүрө турчу отузга чукул атайын дисциплина бар. Ага дене бой даярдыгынан тышкары тактикалык предметтер, ок атуу, топография, политология, психология, чет тилдерди үйрөнүү жана башкасы кирет. Өздүк курамдын 70 пайызы керектүү делген бир чет тилди билет. Себеби алар чет мамлекетке сапарга көп чыгышат, кайсы бир убакта барып иштеп да келишет. Бардыгы жогорку билимдүү, жадагалса 50 пайызынын эки-үчтөн диплому бар. Калган даярдыктар жашыруун болгондуктан айтылбайт.

Техникалык жактан камсыздалышы

Юрий Погибанын айтып бергенине караганда, атайын даярдыктагы кызмат чет мамлекеттен чыгарылган жаңы үлгүдөгү курал-жарактын түрү менен камсыздалган. Операцияга керектүү делген снайпердик, антиснайпердик каражаттар, дрондор, жеңил сооттолгон танкалар (БТР), жоокерлердин коопсуздугун камсыздаган оор жана жеңил коргоо каражаттары (бронежилет), бронещиттер жана башка шаймандар бар. Кыскасы, "Альфанын" жогорку деңгээлде антитеррордук операцияларды жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүгү жетет. Операциялардын түрлөрүнө жараша КРдин Куралдуу күчтөрү менен чогуу иш алып барып, техникасын колдоно алышат. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Альфа" өлкөдөгү террордук жана экстремисттик аракеттерге бөгөт койгон атайын кызмат. Бирок башка дагы милдеттер жүктөлгөн.
Жүрөгү тоо жигиттер гана барат! Альфа элиталык кызматы тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
"Альфа" өлкөдөгү террордук жана экстремисттик аракеттерге бөгөт койгон атайын кызмат. Бирок башка дагы милдеттер жүктөлгөн.

Тажрыйбасы — аткарган тапшырмалар, операциялар

"Альфа" түзүлгөндөн бери 300дөн ашык операция жүргүзгөн. Анын ичинде бир катар жашыруун террордук уюмдардын иш-аракеттерин токтотуп, ондогон террордук чабуулдарды алдын алган. Сапёрлор 27 жыл аралыгында 500дөн ашуун колго жасалган жарылуучу түзмөктөрдү зыянсыздандырган.

Милиционер, метеоролог, куткаруучу. COVID-19 соолткон өмүрлөр. Сүрөт баян

Атайын топ 1997-1998-жылдардан тарта террордук коркунучка каршы күрөшүү иш-чараларын активдүү баштаган. Ал эми 2006-жылдан бери экстремисттер менен катуу тирешип келишет.

Ири операциялардын тизмеси:

  • 1999-жыл, август-ноябрь, Баткен. Атайын операция учурунда террордук топтун мүчөлөрү жок кылынган;
  • 2006-жыл, июль, Жалал-Абад. Шаардын борборунда согушкерлердин аёосуз каршылык көрсөтүүсү менен эки сааттык операция жүрүп, душман тараптан алты киши, анын ичинде топтун лидери Палван жок кылынган. Алардын бардыгы Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү эле;
  • 2006-жыл, сентябрь, Ош. Атайын операция учурунда Орто Азиядагы согушкерлердин амири жок кылынган;
  • 2007-жыл, июль, Жалал-Абад шаары. Жихад тобунун террордук уюмунун мүчөлөрүн куралсыздандыру жана жок кылуу боюнча атайын операция жүргүзүлгөн;
  • 2009-жыл, июль, Ош. Өзгөн районунда антитеррордук атайын операция учурунда беш согушкер жок кылынган;
  • 2010-жыл, ноябрь, Ош. Жарылууларды уюштурууга катышкан кылмышкерлер кармалган;
  • 2011-жыл, январь, Чүй. Стрельникова айылында атайын операция уюштурулуп, "Жайшүл Махди" жихад тобунун төрт согушкери жок кылынган;
  • 2011-жыл, октябрь, Ош. Курманжан датканын 200 жылдыгын белгилөө маалында террорчулар жүргүнчү ташыган маршруттук таксини басып алган. "Альфачылар" барымтадагыларды аман-эсен бошотуп, террорчуларды жок кылышкан;
  • 2015-жыл, июль, Бишкек. Борбор калаадагы Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги атайын операция учурунда төрт террорчу жок кылынган;
  • 2015-жыл, декабрь, Бишкек. Калаадагы Восток-5 кичи районунда эки согушкер жок кылынган;
  • 2016-жыл, август, Бишкек. Эл аралык террордук уюмдун жашыруун мүчөсү жок кылынган.

"Альфа", мындан тышкары, Кыргызстандагы 2005инчи жана 2010-жылдагы революцияда жана Оштогу июнь окуясында конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүүгө, стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылууга салымын кошуп, ошондой эле ал окуялардын алкагында террорчулукка жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишине каршы аракеттерди жүргүзгөн. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСапёрлор 28 жыл аралыгында 500дөн ашуун колго жасалган жарылуучу түзмөктөрдү зыянсыздандырган
Жүрөгү тоо жигиттер гана барат! Альфа элиталык кызматы тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Сапёрлор 28 жыл аралыгында 500дөн ашуун колго жасалган жарылуучу түзмөктөрдү зыянсыздандырган

Иш учурунда көз жумгандар

Расмий маалымат боюнча, "Альфа" жалпысынан иш учурунда беш жоокеринен ажыраган.

— 2006-жылы 12-майда "Альфа" алгач ирет жоготууга дуушар болгон. Ал күнү Тажикстан тараптан куралдуу топ Баткендин Кадамжай районундагы айылдарды аралап, андан ары Ак-Турпактагы бажы бекетине кирип келген. Атайын операцияда куралчан топтогулардын үчөө окко учуп, бирөө колго түшкөн. Алар менен кагылышууда кыргыз тараптан эки чек арачы, бир бажычы, бир жай тургун жана "Альфанын" эки кызматкери — полковник Абдурашид Өскөналиев менен лейтенант Кыялбек Бакиров каза тапкан. Кийинчерээк 44 жаштагы Өскөналиевге II даражадагы "Манас" ордени берилсе, 23 жаштагы Бакировго Эрдик ордени ыйгарылган.

— 2006-жылы 23-июнда Жалал-Абаддын Сузак районундагы операцияда террордук топтун беш мүчөсү жок кылынган убакта лейтенант Гапар Маманов да көз жумган. Ага кийинчерээк III даражадагы "Манас" ордени ыйгарылган.

Гапар Маманов 1982-жылы 26-июнда аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 2000-2002-жылдары Чек ара кызматынын аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн, жогорку билимдүү болчу. 2006-жылдын февралынан тарта УКМКнын "Альфа" антитеррордук кызматына ишке кирген.

Учакты барымтага алган эки өспүрүм Африкага учуп кетмек... Караколдогу чуулуу окуя

— 2011-жылы 4-январда Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен рейдге чыккан үч милиционер окко учкан. Алар бир жыл мурун Кожомкул атындагы Спорт сарайынын алдындагы жарылууну уюштурууга шектелген "Жайшүл Махди" террордук топтун согушкерлерин көрүп калышкан.

Эртеси, 5-январда, "Альфа" атайын операция жүргүзүп, Арашан айылында эки кылмышкер жок кылынып, үчүнчүсү кармалган. Тилекке каршы, мында да кан төгүлүп, лейтенант Жеңишбек Бабараимов көз жумган. Артында эки баласы калган. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Кой-Таш окуясында көз жумган спецназ Үсөнбек Ниязбековдун туугандарына Эрдик медалын берүүдө
Жүрөгү тоо жигиттер гана барат! Альфа элиталык кызматы тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Кой-Таш окуясында көз жумган спецназ Үсөнбек Ниязбековдун туугандарына Эрдик медалын берүүдө

— Былтыр, 2019-жылдын 7-августунда, Чүйдөгү Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы кызматкери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, операция ишке ашкан эмес. Мунун кесепетинен атайын даярдыктагы кызматтын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, бир нече жоокер барымтага алынган. Ниязбековду аскердик милдетин аткаруудагы көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн Эрдик медалы менен сыйлашкан. Ниязбеков 1972-жылы Ош облусунун Бел-Өрүк айылында туулган. Артында төрт баласы калды.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Альфанын" жоокерлери тажрыйбасын арттыруу үчүн чет мамлекеттеги окуу-машыгууларга байма бай барып турушат
Жүрөгү тоо жигиттер гана барат! Альфа элиталык кызматы тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
"Альфанын" жоокерлери тажрыйбасын арттыруу үчүн чет мамлекеттеги окуу-машыгууларга байма бай барып турушат

"Альфанын" катарына кантип кошулса болот?

Көбүнө дал ушул суроо кызык болсо керек. Юрий Погиба белгилегендей, адатта "Альфага" аскер тармагындагы же милицияда спецназ болуп жүргөндөр барат. Ошондой эле кээде 20 жаштан 30 жашка чейинки жай жарандарды дагы ишке алышат. Талапкерлер УКМКнын кеңсесине кайрыла алат. Ал жактагы кызматкерлер кайрылгандарды жоопсуз калтырбай, сөзсүз маектешип көрөт. Бул жөн гана сүйлөшүү эмес, 4-5 саатка созулган психологиялык тест!

Албетте, болочок спецназдын дене бой даярдыгы мыкты болушу керек. Бирок башка атайын даярдыктагы кызматтардай армияга барып келгениң же кайсы бир спорттун түрүнөн чебер болгонуңа көп деле артыкчылыктар бериле бербейт. "Альфада" талап катуу. Дене бой даярдыгынан тышкары психологиялык-моралдык жактан бекем, интеллектуалдык потенциал жогору болушу керек. Артыкчылык снайпердик секциядан келгендерге, аба-десант аскерлерине, инженер-жардыруучу сыяктуу кесип ээлерине берилиши мүмкүн.

УКМКнын "Альфа" бөлүгү Дубайдагы эл аралык мелдешке катышты

Бойдун узундугу көбүнчө "Альфанын" кайсы адистигине даярдала турганынан көз каранды. Атайын кызматтын арасында сапёр, снайпер, кинолог, парашютист, техниканын айдоочулары жана башкалар бар. Негизинен бою 175-180 сантиметрге жеткендер идеалдуу деп эсептелет.

Болочок спецназдарды тандоонун соңку инстанциясы эң оор болуп саналат. Бул учурда кандидаттарга эли-жерин коргоп, кызматтык милдетин аткарууда каза болуп калышы мүмкүндүгү айтылат. Өзүнө гана эмес жакындарына дагы ал өмүрүн тобокелге салып кызматка барып жатканы олуттуу эскертилет. Сөзсүз түрдө бул маселе боюнча ата-энелери менен сүйлөшүшөт. "Альфа" үйдөгү жалгыз баланы катарына кошпогонго аракет кылат. Кызмат ушунусу менен оор, спецназдар мекени үчүн жанын бере турганын билип туруп ишке аттанышат...

"Альфадан" тышкары Кыргызстандын Күч түзүмдөрү менен Куралдуу күчтөрүндө спецназдын канча түрү бар, алардын милдеттери, аткарган тапшырмалары, күжүрмөн даярдыгы, техникалык жактан камсыздалышы жана кандидаттарга талаптары тууралуу Sputnik даярдаган лонгридден окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0