БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги бош орундары бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
22-октябрь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ооруканаларда орун жетиштүү, жалпы 376 орун бош.
Белгилей кетсек, орундар коронавирус жуктурган бейтаптар үчүн каралган.
Казакстан: COVID жана пневмонияга кабылган медиктерге компенсация төлөнбөйт
- Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 5;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 10;
- Улуттук хирургия борбору — 7;
- Улуттук госпиталь — 28;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 31;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 6;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 246;
- Темир жол ооруканасы — 1;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 21;
- Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 5;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 16.