https://sputnik.kg/20201022/gruziyada-bank-tonoo-policiyanyn-avtochu-uuru-1050154870.html
Грузияда банкты тоногон киши полициянын автосун айдап качып кетти. Видео
Грузияда банкты тоногон киши полициянын автосун айдап качып кетти. Видео
Sputnik Кыргызстан
Окуя кечээ, 21-октябрь күнү, болгон. Банкты тоноого келген киши 50гө чукул кишини барымтага алып, бийликтен 500 миң доллар жана коопсуздук кепилдигин талап... 22.10.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-10-22T11:35+0600
2020-10-22T11:35+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/16/1050153831_0:0:1013:572_1920x0_80_0_0_92c3ad2db7f71706b3e8295310714c9c.jpg
грузия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/16/1050153831_0:0:1013:636_1920x0_80_0_0_6e4d9028ed5a2a39b10940f378e5fe3b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, окуялар, дүйнөдө, грузия
жаңылыктар, окуялар, дүйнөдө, грузия
Грузияда банкты тоногон киши полициянын автосун айдап качып кетти. Видео
11:35 22.10.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Окуя кечээ, 21-октябрь күнү, болгон. Банкты тоноого келген киши 50гө чукул кишини барымтага алып, бийликтен 500 миң доллар жана коопсуздук кепилдигин талап кылган.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Грузиянын Зугдиди шаарындагы банкты тоноого кирип, андагы 50гө чукул адамды бир күн бою барымтада кармап отурган киши полициянын автоунаасын айдап качып кетти. Бул тууралуу Sputnik Грузия агенттиги жазды.
21-октябрь күнү курал жана граната көтөргөн киши ири банктардын биринин филиалына кирген. Ал 50гө чукул кишини барымтага алып, бийликтен 500 миң доллар жана коопсуздук кепилдигин талап кылган. Полиция аны менен күн бою сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Жыйынтыгында тоноочу барымтадагыларды полиция департаментинин жетекчиси Автандил Галдавага алмашууга макул болуп, 43 кишини чыгарып берген.
Бирок түн ичинде ал Галдава жана башка туткундагы үч киши менен сыртка чыгып, полициянын машинасын айдай качкан. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү ЖМКлар анын колундагы баштыкта талап кылган акча бар экенин жазууда. Бирок ал тууралуу расмий айтыла элек.