Нарында курулуп жаткан жугуштуу илдеттер ооруканасы ноябрда ишке берилет
Нарында курулуп жаткан жугуштуу илдеттер ооруканасы ноябрда ишке берилет
Sputnik Кыргызстан
Имарат жеңил конструкция менен салынып, чатыры жабылып, терезелери орнотулган. Жаңы оорукана 70 орунга ылайыкташтырылды. 13.10.2020, Sputnik Кыргызстан
Имарат жеңил конструкция менен салынып, чатыры жабылып, терезелери орнотулган. Жаңы оорукана 70 орунга ылайыкташтырылды.
БИШКЕК, 13-окт. – Sputnik. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын короосуна салынып жаткан жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн жаңы салынып жаткан имараты 55 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу аталган оорукананын директору Чыңгыз Нарынбеков билдирди.
Учурда ичи-тышын жылуулоо жана ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат
Имарат жеңил конструкция менен салынып, чатыры жабылып, терезелери орнотулган. Учурда ичи-тышын жылуулоо жана ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат.
“Жаңы оорукана 70 орунга ылайыкташтырылган, реанимациялык 20 орун болот. Буга чейин Нарын облустук оруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө 30 эле орун бар болчу”, — деди Нарынбеков.
Эске салсак, Баткендеги жугуштуу илдеттер ооруканасынын имараты пайдаланууга берилди.