Жээнбековго импичмент жарыялаш керекпи? Бабановдун пикири

Жазылуу
Саясатчынын Кыргызстандын премьер-министри кызматына талапкерлиги көрсөтүлдү. Ал бүгүн аянтта тарапташтары митингге чыгарын билдирди.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо маселесине жеке пикирин билдирди.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабановду "Ата Мекен", "Республика", "Реформа" жана "Бир Бол" партиялары премьер-министрликке көрсөтүштү.

"Импичмент боюнча айтсам, президент арыз жазып кетүүгө даяр экенин билдирди. Эгер ал сөзүнө тура турган болсо импичмент жарыялоо зарылдыгын көрбөй турам", — деди Бабанов.

Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында саясатчыны колдогон митинг өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0