Ошто Жээнбековду колдогондор бүгүн да митингге чыкты. Сүрөт
Ошто Жээнбековду колдогондор бүгүн да митингге чыкты. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн эртең менен жети аксакал шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго кирип, митинг өткөрүүгө уруксат сурашкан. Бирок калаа башчысы эпидемиологиялык кырдаалды... 09.10.2020, Sputnik Кыргызстан
Бүгүн эртең менен жети аксакал шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго кирип, митинг өткөрүүгө уруксат сурашкан. Бирок калаа башчысы эпидемиологиялык кырдаалды эскертип, юристтер менен кеңешерин айтып узаткан.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековду колдогондор бүгүн да Ош шаарынын борбордук аянтына митингге чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.
Чогулгандар президенттин өз ордунда иштешин талап кылышууда.
Алар Сооронбай Жээнбеков легитимдүү президент экенин айтып, тынчтык митингин белгисиз мөөнөткө чейин уланта турганын билдирүүдө. Чогулгандар президенттин өз ордунда иштешин талап кылышууда.
Аянтка 200гө жакын адам чогулган. Саат 11.00дө алардын ичинен жети аксакал шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго кирип, митинг өткөрүүгө уруксат сурашкан.
Бирок калаа башчысы эпидемиологиялык кырдаалды эскертип, юристтер менен кеңешерин айтып узаткан.