Батыш өзүн-өзү кыйратууга чамындыбы? Ой толгоо

© REUTERS / Andrew KellyАкция Black Lives Matter в Вашингтоне
Акция Black Lives Matter в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Русофобия менен коштолгон соңку күндөрдөгү дүйнөлүк маалыматтар 2014-2015-жылдардагы окуяларды даана эске салат. Ал убакта батыш планетардык масштабдагы антироссиялык кампанияны баштап, кырдаалды курчуткан.

Азыркы окуялардан ошол эле процесстердин уландысы жана Россия менен батыштагы державалардын ортосундагы карама-каршылыктын кезектеги эпкини сезилет көпчүлүккө.

Акыркы жылдары чыңалуу басаңдап, абал жакшыргансып калганын эске алсак, кайра баштан башталып турганы айрымдарды ызалантар жагдай да болуп туюлар. Мындай көрүнүш туурасында кесиптешибиз Ирина Алкснис ой толгогон.

Убайым чеккендерди жооткотуп койгон оң, сыртынан чындап эле окшош болгону менен азыркы жана ошол он жылдыктын ортосундагы окуялар бири-биринен кескин айырмаланат.

"Түндүк агым – 2нин" тагдырын "Новичок" чечеби? Геосаясаттын кезектеги көшөгөсү

Соңку беш-алты жылда дүйнөлүк саясий тартип бир топ өзгөрдү. Мындан мурунку он жылдыкта планета Pax Americana — батыш үстөмдүгү өкүм сүрүп, башында глобалдык күчтүү держава катары АКШ турган тутумда жашачу. Ошондой убакта да бул система абдан олуттуу кризистик көрүнүштөргө тушуккан.

Дал батыштын ошол көйгөйлөрдү жумшартып, жоюлуп бараткан күчүн бекемдеп, ал менен бирге эле атаандашын чөктүрүүгө умтулуусу Украинанын тегерегинде Россия менен айыгышкыс тирештин негизги себеби болгон.

Ошол убакта РФ  батыштын башкы бутасына айланып, баары чогуу бирдикте каршы чыгышкан: батыш саясатчыларынын долуланышы, акылга сыйбаган жөнсүз айыптоолор, маалымат каражаттарындагы чындыкка коошпогон русофобиялык агым, тармактардагы санкциялар – булардын баары Москванын толук геосаясий капитуляциясына жетүүгө багытталган.

Россия ага туруштук берип гана тим болбостон, бул бекемдиги менен дүйнөлүк түзүлүшкө катуу сокку берди. Эми биз бөлөкчө дүйнөдө жашап калдык. Азыркы баскычтын негизги мүнөздөмөсү батыштын өзүнүн ичиндеги ачык эскалация болуп саналат. Анткен менен кеп мында өлкөлөр арасындагы (Улуу Британия жана Европа биримдиги, Германия менен АКШ, ж.б.) мамилелердин курчуганында да эмес, батыш өлкөлөрүнүн ичиндеги коомдук-саясий тирешти кескин жогорулатууда.

Иранга каршы санкциялар: АКШнын опузасы суу кечпей калдыбы?

Алты жыл мурун Россияга жалпылап каршы чыккан жамааттык батыштан эми дайын жок. Ошол убакта өз максаттарына жетпей калып, эми ал жамаат өзүн-өзү ыдыратууда. Ал эми тышкы саясий күн тартиби ал үчүн ич ара тартыштын туундусуна айланган. АКШдагы бир топ айдан берки башаламандыктар жана таң калтырарлык президенттик кампания анын жеткен чеги болуп калды. Бирок ошол менен гана чектелбейт.

Алексей Навальныйдын ууланышына байланышкан окуя биринчи кезекте Германиядагы айыгышкан ички саясий, тагыраагы, "Түндүк агым – 2" үчүн немистердин каймактарынын глобалисттик-америкалык жана улуттук баалуулуктарга аздектеген бөлүгүнүн ортосундагы күрөш. Ушундай эле тиреш баамдасаңыздар, кытайлык Huawey ишканасы же Европанын Иран менен кызматташуусунун тегерегинде да жүрүүдө.

Болгону өз өлкөлөрүнүн суверендүүлүгүнүн таламын талашкан батыш күчтөрү мурда – батыш бирдиктүү болуп, "өзгөлөрдү" куугунтуктап, көздөгөнүнө жетиш үчүн бардык кылмышка барыштан артка тартпай турган мезгилде "коюлган" тузакта турат.

Дүйнө элинин кызыкчылыгы үчүн. АКШ аскерлеринин Германиядан чыгарылышына сереп

Натыйжада азыр батыштагы эч бир саясий күч ачык, бардык кызыкдар тараптардын катышуусундагы иликтөө жүргүзүлмөйүнчө россиялык блогердин "Новичок" менен ууланганы туурасындагы бундесвердин лабораториясынын бүтүмүнө ишенбейм деп айтууга даабайт. Ошондой эле "коммунисттик Кытайдын планетаны 5G түйүнүнүн көзөмөлү аркылуу баш ийдирүү" ниеттеринен да ачык шектенүүгө болбойт.

Эске салсак, өткөн он жылдыкта Россия менен тиреш күч алып турганда да батыш кескин чараларга барган эмес. Тармактык санкциялар Москва үчүн сезилерлик сокку болгону менен алар күткөндөй жарга такалган эмес. Ал эми батышта андан да талуу көйгөйлөр толтура. Мисалы, SWIFT глобалдык каржылык провайдерин өчүрүп салуу россиялык экономиканы катуу солгундатмак. Бирок батыш Москваны аягандыктан эмес, эң алдыңкы, күчтүү экономикалуу он өлкөнүн биринен жүз буруу менен олуттуу кыйынчылыкка кабыларын ойлоп, андай кадамга барган эмес. Аны өчүрбөстөн деле беттегенине жетерине үмүттөнүшкөн. Бирок ойлору ордунан чыкпады.

Бул ирет эми эң катаал учурда да, мейли бул "Түндүк агым – 2ден" баш тартуу болуп же Европада Huawey ишканасы менен кызматташууга толук тыюу салынса да, Россия же Кытайдын кылын кыйшайта албайт.

Тараза ташында адамзат өмүрү. COVID-19га каршы вакцина чыгаруу жарышына чыккандар

Бирок ал батыш ааламынын улуттук экономикаларынын бүт тармактарын кыйратып, анын кесепетинде дал ошолордун аркасы менен гүлдөп келе жаткан элитасынын да басымдуу бөлүгүнө жакшылык алып келбейт.

Жарандык согуштан өткөн аёосуз согуш жок экени көп жолу белгиленип келген. Беш жыл оболу Россияга тиш кайрап турган убагында да батыш ырайымсыз чараларга барууга ашыкпаган. Кыязы, эми аларды пайдаланууга мезгил жетсе керек. Бирок негизги бутага алардын геосаясий каршылаштары эмес (ураандарынан ошондой көрүнсө да), ички душмандары илинет.

Батыш кыйратуу үчүн согуш баштоого даяр, бирок өзүн кыйратууга...

Жаңылыктар түрмөгү
0