"Түндүк агым – 2нин" тагдырын "Новичок" чечеби? Геосаясаттын кезектеги көшөгөсү

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАлексей Навальный (алдыңкы планда). Архив
Алексей Навальный (алдыңкы планда). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Берлин акыры Россияны, ал гана эмес, көпчүлүктү таң калдырды. Алексей Навальныйдын окуясы, аны ууландырды деген күнөөлөө, "Түндүк агым – 2нин" кийинки тагдыры жана санкциялар туурасында төмөндө сөз болмокчу.

"Шарите" клиникасынын тапшырмасы боюнча Алексей Навальныйдын анализдеринин токсикологиялык изилдөөлөрүн жүргүзгөн Бундесвердин лабораториясы "Новичок" ууландыруучу заттар тобунун субстанциясын" пайдалануунун издерин тааптыр. Бул туурасындагы ФРГ өкмөтүнүн билдирүүсү көпчүлүктүн оозун ачырды. Ушул окуядан улам серепчи Ирина Алкснис ой толгогон.

Соңку жыйырма жылдыктардагы дүйнөлүк саясат кууланган, ойго салган риторикалык конструкцияларды пайдаланган, бирок калп айтуудан оолак болууга тийиш мамлекеттер үчүн түздөн-түз жалган начар көрүнүш деген идеалисттик түшүнүктөрдү талкалады.

Эгер аларга пайдасыз жана зарылдыгы болбосо, жалган айтуудан артка кайтышпайт тура. Ошентсе да, оюндун эрежелери алигүнчө жалган ынандырарлык көрүнүшүн, адистерди болбосо да, коомчулукту ишендире аларлык болушун талап кылган. Дал ошол себептен, Колин Пауэллдин пробиркасына байланыштуу окуя менен хрестоматиялык болгон: АКШ мамлекеттик катчысы Саддам Хусейндин "биологиялык курал өндүрүүчү дөңгөлөк жана рельс үстүндөгү" заводдору бар экенин билдирген. Айтканын тастыктоо үчүн кандайдыр бир порошок салынган баштыкчаны булгалаганда дүйнө ага ишенген.

Европа менен Америка Россиянын газ түтүгүнөн улам тирешүүгө барабы?

Скрипалдардын ууланышы боюнча маалымат сырттан байкаганга кыйла таасирдүү болду. Адистер британдыктардын версиясында дал келбестик, карама-каршылыктар бар экенин көрсөткүчө эл скафандрчан криминалисттерди, тосулган шаар мейкиндиктерин, түрттүрүлгөн үйлөр жана ооруканага түшкөн кишилерди көрдү.

Европанын борборундагы химиялык чабуул көрүнүшү голливуддун кырсыктар чагылдырылган ондогон тасмаларын көргөн дүйнө үчүн алда канча ынандырарлык туюлду.

Бул ирет сахнага Германия чыгып, Навальныйдын ууланганын айтууда. Химия, медицина жана криминалистикага кыпындай да тиешеси жок, абдан баёо жана ишенчээк киши да бул нерсеге "Ишенбейм!" дейт. Немистер тарабынан сунушталган уламышта кайсынысы көбүрөөк айран калтырарын айтыш кыйын: дароо мерт кетирчү согуштук ууландыруучу зат россиялык бийликке жакпаган адамдарды жок кылуу аракеттеринде улам жаза тайганы, бирок, ага карабастан, аны пайдаланууну улантып жатканыбы? Же Солсберинин жарымын түп көтөргөн "Новичоктун" учакта Навальныйга каршы пайдаланылганыбы? Бул башка жүргүнчүлөргө, врачтарга жана аны менен байланышта болгон башка кишилерге таасир этпептир. Же бул уулуу зат табылганда дагы бир ирет эл аралык жаңжалга кабылуу үчүн Россия блогерди чет өлкөгө дарыланууга кое бергениби?

Кесипкөйлөр да унчукпай калган жок. Уулануунун клиникалык картинасы таптакыр андай эмес. Негизи "Новичок" тобу жок, ал эми Берлин кызматташуудан жана өз билдирүүсүн кандайдыр далилдей турган маалымат берүүдөн буйтап жатат.

Ошентип, ФРГ чындыкка кооштурууга да убараланбастан, жалпыга даана ачык жалганды жар салды. Мындан улам маанилүү бир суроо туулат: эмнеге дал ушундай аракет жасалды? Жообу жөпжөнөкөй: жаңы санкциялар күтүлөт.

Соодада кастык жок. АКШ Россиядан рекорддук көлөмдөгү мунай сатып алды

Жаңы чектөөлөр кабыл алуу үчүн эң коркунучтуу кылмыштарга далилсиз эле айыптоолорго Россия көнүп деле баратат. Бирок бул окуянын нугу башка, анткени Германиянын колунда Россияны чындап катуу "жазалоого" рычаг бар: "Түндүк агым – 2" долбоорун жаап сала алат.

Мындай версияны Навальныйдын "диагнозу" чыгары менен эле америкалык жана айрым немис саясатчылары айтып чыкты. Булардын баары Кошмо Штаттар көздөгөнүнө жетип, акыры Германия бийлигин газ түтүгүн куруудан баш тартууга мажбурлады. Дал ушундан улам "Новичок — 2" операциясы кеп блогердин ууланып-ууланбаганында эмес, Вашингтондун чоң геосаясий жеңишинде экени жалпыга түшүнүктүү болгудай, копол түрдө ишке ашырылууда.

Атаандаштыкка чыдабай... Европа менен Азия АКШнын суюлтулган газынан баш тартууда

Болгону Берлин мурдагыдай эле Навальныйдын иши менен "Түндүк агым – 2нин" курулушу бири-бирине байланышпаганын кайталап жатат. Ал эми бүгүн мындай көз карашты Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясынын башчысы жана Бавария премьер-министри да колдоду. Бундесвердин химиктери тарабынан ачыкталган жыйынтык "Түндүк агым – 2" долбоорунун тагдырын гана тургай, германиялык элитанын ичиндеги – улуттук нуктагы жана америкалык бөлүгүнүн ортосундагы канчадан бери уланып келе жаткан күрөштү чагылдырат. Акылга сыйбас соңку окуялар Германиянын эгемендүүлүгүн жана океан ар жагынан көрсөтмө албастан, өз тагдырын өз алдынча аныктоо укугун коргогон күчтөрдү демилгени колго алууга түртөт.

Алардын колунан келер-келбесин эми мезгил көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0