"Бүтүн Кыргызстан" жана лидери Мадумаровдун жолу болбогон учурлары

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАдахан Мадумаров. Архив
Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бүтүн Кыргызстан" ушуну менен үч ирет ЖК шайлоосуна аттанды. Алгачкы эки аракети ийгиликсиз болсо, бул сапар БШК аны депутаттык жарышка кое бербей койду. Лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоого да катышып, бирок атаандаштарынан бир топ артта калган.

Түндө, 3-сентябрда, Борбордук шайлоо комиссиясы аталган саясий бирикменин талапкерлерин каттоодон баш тартты.

Ага БШКга түшкөн тизме партиянын съездинде кабыл алынган тизмеге дал келбей калышы себеп болгон. Шайлоо комиссиясы аларды каттоодон баш тарткандыгын жана талапкерлерди тандоодогу добуш берүүдө мыйзам бузуу фактылары катталгандыгын айткан.

Анткен менен партия лидери Мадумаровдун бир канча ийгиликсиз учурлары болгон. Албетте, бирок алар кечээкиден айырмаланып, шайлоого кое берилбей калган учурлар эмес эле.

Добуш берүү боюнча маалыматтар БШКнын сайтынан алынды.

Жогорку Кеңешти шайлоодо канча партия ат салышары белгилүү болду. Тизме

Чабалдардын арасындагы алгачкылар же Жогорку Кеңештин астанасындагы эки учур

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо мандат алыш үчүн эки шартты аткаруу керек эле. Алар — бардык шайлоочулардын добушунун беш пайызын (добуш бергендердин эле эмес) алуу жана 0,5 пайызды ар бир облустан камсыздоо зарылдыгы турган.

Жыйынтыгында "Бүтүн Кыргызстан" алтынчы орунду ээлеген, ал эми ЖКга алдыдагы беш партия келген. Мадумаровдун саясий биримдигин 139,5 миң адам же болбосо бардык шайлоочулардын 4,9 пайызы колдогон. Ошентип парламентке келүү үчүн 0,1 пайыз жетпей калган.

Бул көрүнүштөн соң "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен Мадумаров шайлоо мыйзамсыз өттү деп жарыялап, ал эми тарапташтары добуштарды кайра саноо талабы менен нааразылык акциясына чыккан. БШК талаптарды аткаруудан баш тарткан.

Беш жыл өткөндөн соң алар белгилүү бизнесмен Аскар Салымбековдун "Эмгек" партиясы менен бириккен. Бул сапар шайлоодогу босого жети пайыз эле, алар 8 пайыз алышкан.

Бул сапар "Бүтүн Кыргызстан Эмгектин" ийгилиги жөнөкөйүрөөк болду. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" саясий партиясы мурдагыдан да артта калып, эми жетинчи орунду ээлеген. Добуш бергендердин саны азайып, алты пайызын алган (97,9 миң). Партия Ош жана Жалал-Абад облустарындагы шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын санай келгенде 37 миң добуштан айырмачылык тапкандыгын билдирген. https://sputnik.kg/politics/20151014/1019287890.html

Партиялар шайлоого канча акча коротту. "Кыргызстан" 40 млн. сомдон кол жууду

Ошентип "Бүтүн Кыргызстан" эки ирет парламентке өткөн жок. Экөөндө тең бир аз пайыз жетпей калды.

Мадумаровдун спикерлиги жана президенттик жарышта үчтүккө кирбей калган учур

Бирок Мадумаровдун шайлоодон такыр эле жолу болбой калды деп айтууга да болбойт. Ал төрт чакырылыштын депутаты болду (биринчиден төртүнчүгө чейинкисине көз чаптырсак, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин акыркы чакырылышын "легендарлуу парламент" катары катар санга кирбестигин эстеп коелу). Тагыраагы, 2007-жылы президенттик "Ак Жол" партиясына кирип, акыркы ирет ЖКга барып, ал тургай спикер да болгон. Бирок бул кызматта көпкө кармалган эмес, 2008-жылдын январынан майына чейин гана турду.

Отставкага себепкер "жаңгак кабынын" чыры болду. Мадумаров парламенттин жыйындар залын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, аны жаңгак кабы менен жасалгалоого ниеттенген. Бул кадам жөнөкөй жарандардан тарта депутаттардын өздөрүнүн да нааразылыгын жараткан. Жыйынтыгында, Мадумаров спикерлик эле эмес, манданттан баш тартууга аргасыз болгон.

Мадумаров: саясатта кыргыз жигиттерине караганда айымдар туруктуу

2011-жылы бул саясатчы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду ээлеген. 274,9 миң добуш берилип, 14,8 пайызды алган. Дагы бир атаандашы Камчыбек Ташиевден жарым пайызга алдыга чыккан. Ал эми мамлекетти башкаруу Алмазбек Атамбаевге буюруп, ал добуштардын 62 пайызына ээ болгон.

2017-жылы Мадумаров кайрадан шайлоого аттанды. 110,3 киши колдоп, 6,57 пайыз добуш алды. Ал шайлоодо үчүнчү орунга жетти, президент Сооронбай Жээнбеков болуп, шайлооодон жеңилген Өмүрбек Бабановдон кийин турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0