Колуктусун энесинин сынынан өткөрүп үйлөнгөн. Замирбек Үсөнбаев тууралуу 8 факты

© Sputnik / Максат ЭлебесовКРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев. Архив
КРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн КРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин туулган күнү. Ак таңдай акын, улуу устат 69 жашка толду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 16 жашынан бери өзүн чыгармачылыкка арнап, ата жолун улап, ондогон шакирттерди таптаган залкар инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Үч ысымы бар. Замирбек Үсөнбаев 1951-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында жарык дүйнөгө келген. Паспорттогу аты — Мир. Ал төрөлгөндө борбор калаада тынчтык сактоо боюнча эл аралык конференция өтүп жаткан. Ошондо анын катышуучуларынын бири Аалы Токомбаев атасынан уруксат сурап "Мир" деген ысымды сунуштаган. Экинчи аты — Тобокел, аны таенеси койгон. Анткени ага чейин Үсөнбаевдердин үй-бүлөсүндө эркектер чарчап калып жаткандыктан, ырымдап ушул ысымды коюшкан. Анан кийин филармонияда иштеп жүрүп Замирбек болуп калган. Ал атты эл өзү эле ыйгарып, калың журт арасына бат эле тарап кеткен.

© Фото / предоставлено Азаматом БолгонбаевымКРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев кийинки муундун өнөрпоздору, шакирттери менен
Колуктусун энесинин сынынан өткөрүп үйлөнгөн. Замирбек Үсөнбаев тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
КРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев кийинки муундун өнөрпоздору, шакирттери менен

Аккан арыктан суу агат. Жаш Замирбек алты жашында комуз черткенди атасынан үйрөнгөн. 12 жашка чыкканда үй-бүлө башчысы кайтыш болуп энесинин колунда таалим-тарбия алган. Атасы Алыкул Үсөнбаев төкмө акын, энеси Беркимбай кызы Назим акын болгон.

Алма жеп көрбөгөн "автомат" акын. Жеңишбек Жумакадыр тууралуу 6 факты

16 жашында жумушка алынган. Бала кезинде үйгө мейман болуп келген Осмонкул Бөлөбалаев, Саякбай Каралаев, Ыбырай Туманов, Карамолдо Орозов, Коргоол Досуевди жакындан көрүп, залкарлардын колуна суу куюп батасын алып чоңойгон. Эс-тутуму күчтүү жаш талант алардын чыгармаларын угуп жаттап алып, эртеси жакындарына ырдап берчү дешет. Ошентип жүрүп 16 жашында эле филармонияга жумушка чакырылып, эл алдына чыга баштаган. Ал жактан Ашыраалы Айталиев, Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиевдин шакирти болгон.

© Sputnik / Максат ЭлебесовЗамирбек Үсөнбаев 16 жашында эле филармонияга жумушка чакырылып, эл алдына чыга баштаган. Ал жактан Ашыраалы Айталиев, Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиевдин шакирти болгон.
Колуктусун энесинин сынынан өткөрүп үйлөнгөн. Замирбек Үсөнбаев тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Замирбек Үсөнбаев 16 жашында эле филармонияга жумушка чакырылып, эл алдына чыга баштаган. Ал жактан Ашыраалы Айталиев, Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиевдин шакирти болгон.

Кесиби боюнча тилчи. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Өлкө эгемендик алган жылдан баштап филармониядагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунун көркөм жетекчиси, кийин Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын директору болуп эмгектенген. 2004-жылы маданият министри кызматына чакырылып, бирок андан баш тартып койгон.

Окуусун таштап кино тартууга качкан студент. Актёр Чоро Думанаев жөнүндө 6 факты

Токтогулдун белегин сактап... Чыгармачылыкты бийик туткан инсан кичинекей кезинде Коргоол Досуевдин колунан Токтогул Сатылгановдун комузун белекке алган. Ал аны азыркыга чейин сактап келет. Чыгармачылыгында "Комузчуларга", "Улууларды эскерүү", "Жаштар жөнүндө терме", "Нан жөнүндө" эмгектерин жаратып, "Замирбектин ырлары" аттуу ырлар жыйнагын чыгарган. Узак убакыттан бери Токтогул, Эшмамбет, Жеңижок, Алымкул, Калык, Осмонкул, Ысмайылдын чыгарма, термелерин аткарып келет. Кезинде союздук республикалардын ичинде гана эмес, АКШ, Япония, Кытай, Швеция, Түркияга чейин улуттук өнөрдү тартуулап барганы маалым.

© Фото / предоставлено Азаматом БолгонбаевымКРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев кичинекей кезинде Коргоол Досуевдин колунан Токтогул Сатылгановдун комузун белекке алган. Ал аны азыркыга чейин сактап келет.
Колуктусун энесинин сынынан өткөрүп үйлөнгөн. Замирбек Үсөнбаев тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
КРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев кичинекей кезинде Коргоол Досуевдин колунан Токтогул Сатылгановдун комузун белекке алган. Ал аны азыркыга чейин сактап келет.

Улуу устат. КРдин эмгек сиңирген артисти борбор калаадагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунда 17 жыл сабак берип иштеген. Акын 1990-жылдардын башында улуттук музыка жана фольклор кафедрасын ачып, эл арасынан тың балдарды чогултуп тарбиялаган. Акындын учурда 50гө жакын шакирти бар. Замандаштары Замирбек Үсөнбаев тар чөйрөдө аккордеонду мыкты чертип кое тургандыгын айтып келишет.

Өлүмү азыркыга чейин сыр. Депутат, диктор Сатыбалды Жээнбеков тууралуу 8 факты

Чылым, арактан оолак өмүр. КРдин эл артисти өмүрүндө бир да жолу чылым чегип, оозуна спирт ичимдигин алып көргөн эмес. Акындын айтымында, буга апасынын көп жолу айткан акыл-насааты себеп болгон. "Спирт ичимдигин ичпе, чылым чекпе деп атаң сага айтып кеткен" деп энем бассам-турсам айтып турар эле. Анан колума стакан кармоо мен үчүн тимеле чыккынчылык кылгандай сезилчү", — деп айткан жайы бар.

© Фото / предоставлено Азаматом БолгонбаевымЗамирбек Үсөнбаев байбичеси Саадат менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошкон. Эң кызыгы, ал келинчегин тойго чейин энесинин көз кырынан өткөрүп анан үйлөнгөн. Экөө үч уул, эки кыздын ата-энеси. Учурда пенсия курагындагы жубайлар онго жакын неберенин сый-урматына бөлөнүп турган чагы.
Колуктусун энесинин сынынан өткөрүп үйлөнгөн. Замирбек Үсөнбаев тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Замирбек Үсөнбаев байбичеси Саадат менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошкон. Эң кызыгы, ал келинчегин тойго чейин энесинин көз кырынан өткөрүп анан үйлөнгөн. Экөө үч уул, эки кыздын ата-энеси. Учурда пенсия курагындагы жубайлар онго жакын неберенин сый-урматына бөлөнүп турган чагы.

Аялын энесинин сынынан өткөрүп үйлөнгөн. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты байбичеси Саадат менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошкон. Эң кызыгы, ал келинчегин тойго чейин энесинин көз кырынан өткөрүп анан үйлөнгөн. Экөө үч уул, эки кыздын ата-энеси. Учурда пенсия курагындагы жубайлар онго жакын неберенин сый-урматына бөлөнүп турган чагы. Алардын ичинен Алиаскар комузун колуна алып, чоң атасынын жолун улаганга бел байлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0