Эпидемиологиялык кырдаалдан улам быйыл салттуу режимде 1-класстын балдары гана окумай болушту.
Окуучулардын коопсуздугун карап, текшерип туруу үчүн мугалимдерге атайын сабак, вебинарлар уюштурулуп, даярдалды. Мектепке барган сайын 1-класстын бөбөктөрүнүн дене табы текшерилет. Ошондой эле класстар танапис сайын желдетилип, дезинфекцияланып турат.
Быйыл өзгөчө! Бишкекте 1-класска барган бөбөктөрдүн видеосу
Айрым сабактар ачык асман алдында өтө турганы маалым болду. Балдар аралыкты сактап, ортолору 1,5-2 метр алыстыкта отурушат. Ошондой эле окуучусу көп класстардын бир сабагы 20 мүнөттөн гана боло турганы айтылган.

Окуу жылы башталды. Мектеп босогосун алгачкы ирет аттаган 1-класстын мотурайган балдары

Өлкө боюнча мектепке бүгүн 1-класстын балдары гана барышты. Калгандары окууну аралыктан улантышат

Гүл кармаган балдар. Бул алардын жашоосундагы маанилүү, эстен кеткис көз ирмемдердин бири

Класстарда балдар шахмат түрүндө, аралыкты сактап отуруп окушат

Танапис сайын бөлмө желдетилип, класстар тез-тезден дезинфекцияланып турары айтылды

Адаттагыдай быйыл салтанаттуу линейка болгон жок. Бөбөктөргө "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" темасында сабак өтүлдү

Күн сайын ар бир бөбөктүн дене табы мектепке кирер алдында текшерилип турмакчы

Кызынын мектеп босогосун аттаганына жетине албаган эне. Мындай учурду кантип сүрөткө тартпай коет?

Ата-энелер үчүн бир чети жагымдуу, бир жагынан түмөн түйшүктүү жашоо башталды

Классында окуучу көп балдар эки тайпага бөлүнүп окуйт

1 "А" класстын кичинекей бөбөктөрү. Класс жетекчисин ээрчип мектепке кирип жатышат

Эпидемиологиялык кырдаалдан улам быйыл мектептерде жылдагыдай шаң жок

Жеткинчектер үчүн мектептин алгачкы коңгуроосу кагылып, "окуу" деген жашоо башталды