Бүлөгө башчы боло албаган эрди эч бир аял барктабайт. Кален Сыдыкованын нускасы

© Фото / Pixabay / Free-PhotosКитептер жана калем сап. Архив
Китептер жана калем сап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кален Сыдыкова 1958-жылы 25-январда Жумгал районунун Чаек айылында жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепти аяктагандан соң Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, журналистика факультетин 1982-жылы аяктаган.

Эмгек жолун Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиянын тарыхы институтунун башкы редакциясында баштап, редактор, улук редактор болгонго чейин жетишкен. Кийин Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясында башкы редакторлукту аркалап, бир катар басылмаларда иштеген. Өлкө эгемендүүлүк алган жылдары КРдин президенттик администрациясында сектор башчы, бөлүм башчы, кеңешчи болуп эмгектенген.

2006-жылдан азыркы учурга чейин Китеп палатасында өз ишмердүүлүгүн улантып келет.

Кален Сыдыкова чыгармачылыгында курч макала, аңгеме, очерк, публицистикалары менен окурмандардын жүрөгүнөн орун алган. Калемгер коомдогу көйгөйлөрдү ачык жазып, маселенин маанилүүлүгүн айтып, анын чечүү жолдорун сунуштап келет.

Жакшылык эч качан дооланбайт. Жазуучу Калканбай Ашымбаевдин кеп казынасы

Автор өзгөчө аял-эркек темасына көп кайрылып "Эр издөө", "Ит турмуш", "Насыя нике", "Никесиз үй-бүлө", "Климакс кыяматы", "Күч күйөө" чыгармаларын жазган. Андан сырткары, котормочулук менен дагы алектенип, бир нече илимий эмгекти кыргызчалаган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жазуучунун чыгармаларын барактап, окурмандарга нуска болчу сөздөрүн чогултту.

***

Байыртадан эле "жакшыдан жаман туулса чыгаша, жамандан жакшы туулса киреше" дейт эл. Кейиген менен оңолмок беле, ар бири өз пейилин оңоп адам болоюн дебесе, нааданга үйүрлөр көбөйө берет. "Жакшыны көрсөң жакшы болосуң" деп калк бекер айтпаса керек, бул деле турмуштун бир сабагы го. Азыр "жумушка жалкоо адамдан, жумуртка берген тоок артык" болуп калбадыбы.

***

Жаш токтолуп калганда турмуш куруу — өзгөчө басмырт, оор басырыктуу, шуулдап-дуулдаган куулугу жок түз жүргөн адамга өтө эле кыйын тура. Оозуна наар албай кесерип, өзөрүп жүргөндөй, жалгыздыктын жанга баткан азабын төгүлүп-чачылбай, былк этпей көтөрүү — ар кимдин эле колунан келе бербеген кыямат иш.

***

Көңүл кушу кургур тура, ар нерсени самайт, эргийт, көксөйт, эңсейт, күйдүрөт, айбыктырат, күйгүзөт, мөгдөтөт, убайым жегизет...

***

Жакшылык эч качан дооланбайт. Жазуучу Калканбай Ашымбаевдин кеп казынасы

Ыйманың таза, ырыска шерик адам бол. Кабыргаң кайышып, кайгыга мөгдөп турсаң дагы жакшылыкты караан тут, үмүтүңдү үзүп, жаныңды кыйба. Ылайым бактылуу бол, оомийин, тилегиң кабыл болсун.

***

Пенде бата сурадыбы, демек, жакшылыкка же соопчулукка сураганы, андай жерге соо туруп кыйылып барбай койгон болбойт. Жок эле дегенде "батанын ичиндемин" деп ыраазычылыгын билдириш керек. Бекеринен эл "жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт" дебестир. Бата — эл ниетинде ак тилек, аруу намыс, ак дил. Салт туткан бүбүнүн түшүнүгүндө бата бербей коюу: пенде алдында уурулукка тете кылмыш, келген ырыскыны тебүү, жосунсуз адаттан тыш, жоболоңдуу жаман жорук эле. Ак батаны дини кайыр капырлар гана билбейт, зили кыргыз баласына бул ыйык деп эсептөөчү.

***

Бу дүйнөдө кебелбестей көрүнгөн чоң аалам тынымсыз өзгөрүп турарын, анын көбү опурталдуу экенин турмуштук тажрыйбалар эзелтен далилдөөдө. Анын бири — согуш. Адамдардын ач көздүгүнөн, нысапсыздыгынан, бирин-бири жек көргөндүгүнөн, түшүнө албоочулугунан, өзүмчүлдүгүнөн, дити, пейили бузулуп кеткендигинен чыгуучу алаамат адамзатты жапа чектирүүдө. Жер талаш, тил, дин талаш, бийлик талаш нечендеген чырдын башаты болгон жана болууда. Зомбулук далай жолу адамзатты артка, көрүнө сүйрөдү. А абийир, нарк, ыйман талашкан кандуу согуштар адамзат эсинде барбы? Ким билет...

***

Бул күнүмдүк өмүр — жалган дүйнө экен. Бардыгынан өлүм ак, бу жалганда албаганды акырет берет. Кайсы мезгил болбосун адамдардын көбү кайрымсыз.

***

Жойпу түлкү бал тилге салат. Акын Жусуп Турусбековдун кеп казынасы

Эң сүйүктүү сүйгөн жар эмеспи, ушуга маани бербей көр оокат үчүн тытышып, болор-болбос нерсе үчүн кер-мур айтышып көңүл калтырып, далай өмүр, аз ырахат, көп кордук менен өтүп атканы өкүнүчтүү... Сыягы, адам ниетин, пейилин оңдоп, абийир күтпөсө тазалануу болору күмөн го...

***

Үй-бүлөсүн бага албаган өтүмсүз, өзү маанисиз, "эринчээк этегине аарчынат" болуп, шымаланып эмгек кылбаган, бүлөгө башчы боло албаган эрди эч бир аял барктабайт. Алар турмушта өөдүк-сөөдүк жашап, аялга төшөк күйөө катары гана кызмат кылат. Өмүр бою "сөзгө сөлтүк, кепке кемтик" болуп жүрүп өтөт.

***

Адам жан дүйнөсүнүн талкаланып бузулушу чоң кыяматтарга алып келүүдө. Баёо жана оңой нерселерге кызыгуу көбөйдү. Жан дүйнөң жарды болсо сезим талаптары дагы төмөнкү деңгээлде болот. Ден соолукту сактоодо биологиялык, адептик, турмуштук жаңы ой жүгүртүүлөрдү калыптандыруу зарылдыгы өзүнөн өзү чыгууда. Бул - турмуш, жашоо чындыгы.

***

Кызык, жалгыз бой адамдын тагдыры жок издеп жүргөн жолоочуга окшош. Бу дайыны жок турмуштан, дайындуу бир нерсе үмүт этет, ой чегет.

Жаңылыктар түрмөгү
0