Грек-рим күрөшү Олимпиаданын программасынан чыгарылышы мүмкүн

© REUTERS / Issei KatoБалбандан беттеш учурунда. Архив
Балбандан беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грек-рим күрөшү байыркы оюндардын программасына кирген олимпиадалык спорттун оригиналдуу түрлөрүнүн бири болуп саналат.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Грек-рим күрөшү 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарынын программасынан чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун аткаруу комитетинин мүчөсү Намиг Алиев билдиргенин Азербайжандын күрөш федерациясы айтып чыкты.

"UWW уюму эрежелерин өзгөртүп, күйөрмандардын кызыгуусун арттырууга умтулганына карабастан, акыркы убактарда грек-рим күрөшү өзүнүн популярдуулугун жогото баштады. 2022-жылы Дакарда жаштардын Олимпиадасы өтөт, анда грек-рим күрөшүнүн ордуна пляж күрөшү болот. UWW уюмунун аткаруу комитетиндеги талкуудан улам грек-рим күрөшү 2024-жылдагы Олимпиада оюндарынын программасына киргизилбей калышы мүмкүн деп айтар элем", — деди Алиев.

"Чемпионат" спорттук-маалыматтык портал жазгандай, Намиг Алиев ошондой эле Азербайжан Күрөш федерациясынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп саналат.

Токиодогу Олимпиада шакектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спортчуларды саргайтып... Токиодо өтчү Олимпиада дагы жылышы мүмкүн
Грек-рим күрөшү Олимпиада оюндарынын программасына 1896-жылдан баштап киргизилген.

Эске сала кетсек, 2024-жылдагы жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борбору Париж шаарында өтөт.

Кыргызстандын эгемен тарыхында атамекендик спортчулар Олимпиада оюндарынан үч коло жана бир күмүш медаль уткан. Анын ичинен бир коло, бир күмүш медалды дал ушул грек-рим күрөшүнүн балбандары жеңип келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0