Төрт саатта 800 миң сомдон кол жуугам... Бишкектик өжөр ишкердин маеги

Жазылуу
"Демейдегиден бөтөнчө төккөн жамгыр бышырыла элек кирпичтин баарын бузуп кетти. Эки-үч саат ичинде ошентип 800 миң сомду жоготтум" дейт биздин маектеш.

Бакыт Ирсалиевдин негизги долбоорлорунун бири – өзү AliExpress сервисинин кыргыз аналогу деп атап койчу сайты. Ишкер интернет соода тармагы тууралуу дээрлик баарын билет. Коронавирус пандемиясы күч алып турган маалда онлайн-сооданын сырларынан эч жашырбай бөлүшөт. Бирок Ирсалиевдин биринчи ишкерлик тажрыйбасы кыш чыгарчу завод эле.

— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

— 30 жаштамын, Бишкекте төрөлүп-өскөм. Атам мамлекеттик кызматкер, апам 20 жылдан ашуун убакыттан бери Мамлекеттик каттоо кызматында иштейт.

— Кытайда кандайча окуп калдыңыз? Себеби буга бир топ акча зарыл го...

— Меники бюджеттик орун болчу, окуу бекер, жатакана акысыз. Ага кошумча, айына 100 доллардан стипендия алчумун. Ошол убакта Кытайда студент бул акчага кенен-кесир жашай алчу. Мисалы, окуу жайдын ашканасында бир табак күрүч 6 сом турчу. Аталган өлкөдө байлар гана билим алат дегендер жаңылышат.

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер Бакыт Ирсалиев биринчи бизнесин Кытайда билим алып жүргөндө баштаган.
Төрт саатта 800 миң сомдон кол жуугам... Бишкектик өжөр ишкердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Бакыт Ирсалиев биринчи бизнесин Кытайда билим алып жүргөндө баштаган.

— Тил билбестен барыпсыз ал жакка. Үйрөнүш жеңил эле болдубу?

— Ооба, кытай тилин таптакыр билчү эмесмин, бирок кыргыздар үчүн бул тилди өздөштүрүү татаал деле болгон жок. Анткени окшош тыбыштар бар, мисалы, "н" менен "ң". Россия жана башка мамлекеттерден келген балдарга караганда бизге жеңилирээк болду. Пекинде өткөргөн бир жарым жылдан кийин кытай тилинде сүйлөй баштагам. Бул тил иероглифтерден улам гана татаал. Он жылдан бери машыгып келем, алигүнчө кол менен жаза албайм. Бирок компьютерде текстти оңой эле терем.

85 гектар жерди эки киши сугарып жетишет. Тоңдогу жаңычыл багбан менен маек

— Эмнеге интернет-соода менен алектене баштадыңыз?

— Экинчи курста окуп жүргөнүмдө Кытайда онлайн-дүкөндөр абдан тездик менен өнүгө баштаган. Кроссовка заказ кылайын деп чыгындым. Арзан баадагы жакшы бут кийим эле, эртеси эле колума тийди. Бул ыңгайлуу жана ыкчам экенин түшүндүм. Бишкектен иним чалып, кыргызстандыктар Taobao интернет-дүкөнүн (интернет-сатып алуулар үчүн ири кытай аянтчасы — ред. тактоосу) биле башташканын айтып калды. Көпчүлүк жергиликтүү ишкерлер Бишкекте кайра сатыкка чыгаруу үчүн товар сатып алгысы келет, бирок кантип жеткирүү боюнча маалыматы жок. Башка студенттер менен ушул жагын колго алалы дедик. Жатаканадагы 15 чарчы метрлик бөлмөм компаниябыздын биринчи ылгоочу-логистикалык борборуна айланган. Керебет, сабак окуу үчүн столдор жана Кыргызстанга жөнөтө турган посылкаларым жайгашкан. Бөлмөдөгү коңшум андан улам: "Эмнеге баарын үйүп алгансың? Минтип кантип сабак окууга болот?" – деп кыжырданып да калчу.

Үч ай ичинде биз сооданы жакшы айлантып алдык. Албетте, студенттик ченем менен жакшы дегеним.

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер Бакыт Ирсалиев кытай тилин Пекинде жүргөн бир жарым жылда үйрөнүп алгандыгын айтты.
Төрт саатта 800 миң сомдон кол жуугам... Бишкектик өжөр ишкердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Бакыт Ирсалиев кытай тилин Пекинде жүргөн бир жарым жылда үйрөнүп алгандыгын айтты.

— Эмнеге Бишкекке кайтканыңызда аны улантып кеткен жоксуз?

— Ал убакта мындай кызматтарга азыркыдай талап чоң эмес эле. Мен келген убакта таякем мага Балыкчыдагы кыш заводун жетектөөнү табыштады. Узак мезгилден бери ал токтоп турган.

22 гана жашта элем. Заводду кайра ачуу үчүн кызматкерлерди таап, талап-тонолгон жабдууларды толуктап, ишке киргизүүм керек эле. Жергиликтүү жигиттерден 30 жумушчу таптым. Кытайдан тетиктерди жана техникага буюртма кылдым. Ошентип ишти баштадык... Ал жакта мени чоң сыноо күтүп турган экен. Кыш өндүрүү технологиясы боюнча быша элек кыштар эшикте кургатылат. Анан гана мешке коюлат. Биз да ошентип кирпичти тышка жайган элек. Анан нөшөрлөгөн жамгыр үч күн тынбай төкпөспү. Курулушта пайдаланылчу клеенка менен жабууга аракет кылдык, бирок улам шамал сыйрып кетет. 3-4 саат ичинде 400 миң кыш жараксыз болуп калды. Ошентип 800 миң сомдон кол жуудум. Бул мага чоң сокку болгон. Бул окуя өз күчүмө болгон ишенимди аябай солгундатты, баарын таштап салып Бишкекке баса бергим келген. Мага ишенген абамдан аябай уялдым. Мага ушундай чоң ишти табыштады, ал эми мен анын ишеничин актай албадым. Бирок ал мага тескерисинче: "Муну бизнес деп коет, эч нерсе эмес. Иштей бер", – деп кубаттап койду.

Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги

Бирок кыйчалыш жагдай аны менен бүтпөптүр. Кыш чыгаруу менен алектенгендерге маалым, бул иште эң чоң көйгөй – кышты бышыруу. Бул үчүн кесипкөй технолог талап кылынат, эмгек акысына да чоң сумма төлөнөт. Ошол кезде эле андай адистер айына 2 миң доллардан алчу.

Бир кишини таптым, аванс бердим. Ишке киришти. Кирпичти бышырып жаткан маалда иште бир мандем бар экенин түшүнгөн көрүнөт, мага мончого барарын айтып кеткен. Анан качыптыр! Кыш бышыруу ишин "чукулап", болжолдоп отуруп үйрөнүп, ишти уланткан элек. Жыйынтыгында көмүр сатып алууга, жумушчулардын айлыгын төлөөгө да колумда акча калбады. Жадагалса жумушчуларыма түшкү тамак да бере албадым! Акчамдын баары продукцияга, бышырыла турган топуракка кетти... Көздү жуумп туруп жергиликтүү көмүр базасынан 250 миң сомго карызга көмүр алдым. Туугандарым менен бирге кышты бышырдык. Кийин кирпич сатылганда бардык карызды жаптык.

Ошол бизнес мага чоң тажрыйба болду, бирок мен жеке иш ачып, өз жолум менен кетүүнү чечтим. Беш жыл мурун логистика менен алектенчү компанияны түптөп, "Алиэкспресстин" (AliExpress) кыргызча аналогу болгон интернет-портал ачтык.

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер Бакыт Ирсалиев: Беш жыл мурда логистика менен алектенчү компанияны түптөп, "Алиэкспресстин" (AliExpress) кыргызча аналогу болгон интернет-портал ачтык.
Төрт саатта 800 миң сомдон кол жуугам... Бишкектик өжөр ишкердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Бакыт Ирсалиев: Беш жыл мурда логистика менен алектенчү компанияны түптөп, "Алиэкспресстин" (AliExpress) кыргызча аналогу болгон интернет-портал ачтык.

— Ушул долбооруңуздан кеңири кеп салсаңыз.

— Taobao кытай интернет-дүкөнүнө коюлган товарларды кыргызстандык кардарлар таба ала турган сайтты иштеп чыктык. Анда Бишкекке ташуу акысы кошо көрсөтүлөт, башкача айтканда, товардын наркы, жеткирүү акысы, бажы төлөмдөрүн дароо эсептеп чыгып, кардарга соңку бааны сунуштоочу бүтүндөй бир системаны түздүк. Товарды өзүбүз ташыйбыз, өзүбүздүн фураларыбыз, Кытайда базабыз, кампабыз, кыскасы, тийиштүү логистикалык инфраструктурабыз бар.

— AliExpress сайтынан деле буюртма кылсам болот да, айырмасы кандай?

— Туура суроо койдуңуз. Эң оболу бизде Taobao ассортименти, бул AliExpress кызматына караганда миң эсе көп. Taobao сервисинен адам каалаган товарын таба алат, мен буга ким менен болсо да мелдеше алам. Маселен, Ikea же кайсы бир дизайнердик отургуч жактырдыңыз дейли, мен аны оңой эле таап берем.

Ассортименти чексиз болгону менен зарыл товарды издөө татаал. Айрыкча, кытай тилин билбеген киши кыйналышы мүмкүн. Кандай болгон учурда да кардар биздин колл-борборго кайрылып же жактырган товарынын сүрөтүн көрсөтө алат. Биз дал өзүн же куру дегенде эле аналогун таап берерибизди бөркүңүздөй көрүңүз.

21 жаштагы ишкер кыз: апамдын бейитине гүл алып барсам деп жүрүп бизнес ачтым

Мындан тышкары, тез жеткирип беребиз. AliExpress улуттук почта операторлору: Кытайда China Post, ал эми биздин өлкөдө "Кыргыз почтасы" менен гана кызматташат. Андайда эң эрте дегенде 30 күндөн кийин колуңузга тиет. Бизде бул фура менен келсе, орточо эки аптаны алат. Учак менен жети күндө товар колуңузга тиет.

— Биздин ишкерлер товарды интернет-дүкөндөрдөн алып, кайра сатары жашыруун эмес. Бишкекте үстүнө канча кошуп сатышат?

— Ачыгын айтканда, андай байкоо жүргүзүп көрбөптүрмүн. Бирок бизде 30 пайыз кошуларын так билем. Ишкерлерди деле түшүнүүгө болот, себеби алар бул ишке акча салат, тобокелге барышат. Айрым дүкөндөрдө дүңүнөн сатып алуучулар менен иштеген Taobao же 1688 сайттарда товар издеген бөлүмдөр бар. Жергиликтүү соодагерлер 100 пайыз кошсо деле таң калбайм. Товарды тез алгысы келсе, дүкөнгө баш багат. Эгер бир аз күтүп, арзаныраак алам десе, чет өлкөгө буюртма берет. Кардардын өз эрки.

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер Бакыт Ирсалиев: Жүктөр Өзбекстан менен Казакстанга биз аркылуу өткөндөй кылып Кыргызстанды борборазиялык хабга айландырууну көздөйбүз.
Төрт саатта 800 миң сомдон кол жуугам... Бишкектик өжөр ишкердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Бакыт Ирсалиев: Жүктөр Өзбекстан менен Казакстанга биз аркылуу өткөндөй кылып Кыргызстанды борборазиялык хабга айландырууну көздөйбүз.

Өткөндө кир жуугуч машина издеп калдым. Дүкөнгө кирсем, мага жаккан үлгүдөгүсү 38 миң сом турат экен. Үйгө келгенимде Google"дан издесем, интернет-дүкөндөр аны 33 миңден эле сатышат экен. Мен ортодо 5 миң сомго ашык төлөп калмак экенмин!

— Интернет-дүкөндөрдүн кардарлары "күтүлгөнү vs реалдуулук" деген темада желеге миңдеген сүрөттөрдү чыгарышат. Сүрөттө кооз көрсөтүлгөн жаман буюмдарды сатуу менен шугулдангандарга каршы кандай күрөшүүгө болот?

— Башка сатып алуучулардын пикирлерин, сатуучунун рейтингин караш керек. Албетте, биз сатуучулар үчүн жооп бере албайбыз, бирок сайтыбызда алар абдан иргелет.

Эгер товар жараксыз же жоголуп кетсе, биз кардарга акчасын кайтарып беребиз. Бирок өлчөмү туура эмес болуп калса, биз эч нерсе кыла албайбыз. Сатуучу көрсөткөн өлчөм таблицасы менен таанышууну өтүнөбүз, андайда өлчөмдөн дээрлик жаңылбайсыз.

— Бул иште көп акча табууга мүмкүн бекен?

— Азырынча бул долбоор киреше алып келе элек. Балким бирөөлөргө бул акылга сыйбагандай иш көрүнөр, бирок келечеги кең багыт экенин так билебиз. Мындай долбоорлордун өнүгүшү үчүн инфраструктура зарыл. Бул көлөмдү арттырат, массалык буюртмалардын болушун шарттайт. Азырынча кыргызстандыктардын эки гана пайызы интернет аркылуу товар алышат. Биз рынокту кеңейтүү керектигин түшүндүк. Быйыл Казакстан жана Өзбекстанда кеңсе ачууну пландаганбыз, бирок коронавирус биздин пландарга жолтоо болуп турат.

Абдан кирешелүү! Ич кийим сатуудан ишкерликке жеткен Гулинанын баяны

Ошентсе да, жүктөр Өзбекстан менен Казакстанга биз аркылуу өткөндөй кылып Кыргызстанды борборазиялык хабга айландырууну көздөйбүз. Буга географиялык жайгашуубуз мыкты өбөлгө болуп берет.

— Дүйнө коронавируска кабылганда баары онлайн-сатууну тезинен өрчүтүүнү түшүндү. Кыргызстандагы бизнесте кандайдыр өзгөрүү байкай алдыңызбы?

— Электрондук коммерция биримдигине мүчөмүн. Ишкерлер менен пикир алышып турабыз. Ооба, эл онлайн-соода багытына өтүү керектигин аңдашты, бирок баарынын эле соодасы интернет аркылуу көтөрүлүп кетти дегенден алысмын.

Кыргызстанда чечиле турган белгилүү бир көйгөлөр бар. Биринчи кезекте төлөм карталары. Онлайн-соодага кирген сатуучу төлөмдү кандай аларын билүүгө тийиш. Бизде эквайринг (карта аркылуу төлөм алуу мүмкүнчүлүгү — ред. тактоосу) орточо 3-4 пайыз аларын эске алуу менен сатуучу бул комиссияны төгүшү керектигин да билүүбүз зарыл.

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер Бакыт Ирсалиев: Өз өлкөмдү жанымдай көрөм. Сыртта жүргөнүмдө Кыргызстанга куса боло берем. Ушул жерде төрөлүп-өстүм. Өзүм бутума туруп, мекенимдин да өнүгүшүнө салым кошкум келет.
Төрт саатта 800 миң сомдон кол жуугам... Бишкектик өжөр ишкердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Бакыт Ирсалиев: Өз өлкөмдү жанымдай көрөм. Сыртта жүргөнүмдө Кыргызстанга куса боло берем. Ушул жерде төрөлүп-өстүм. Өзүм бутума туруп, мекенимдин да өнүгүшүнө салым кошкум келет.

Экинчиден, курьердик кызмат маселеси да бар. Азыр мындай компаниялар көп, бирок иштин баары кол менен аткарылат. Телефон чалыш керек, курьерди күтүп алып, кагазга даректи жазуу зарыл. Онлайн-соода күч алары менен курьердик кызматтардын ишинде үзгүлтүк болору шексиз. Алар ишти эмитен автоматташтырууга өтүүгө тийиш.

Логистикалык компаниялардын жайгашкан жерине да байланыштуу көйгөй жок эмес. Бишкекте бул жаатында көп маселе жок деңизчи. Бирок Баткенде курьердик кызмат иштери, негизи андай кызмат уюштурулганбы, бул жагы бүдөмүк.

— Кыргызстандыктар интернет аркылуу буюртма кылуудан чочулашат. Кокус алдап кетишсечи же товар сапатсыз чыгып калсачы деп кооптонушат.

— Азыр биз электрондук коммерция жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыгуудабыз. Анда эрежелер ийне-жибине чейин жазылат. Мисалы, товарды кайтаруу кандай жүргүзүлөт, кантип жеткирилет жана башкалар. Дүйнө жүзүндөгү эрежелер бизге да зарыл. Эртеби-кечпи, адамдардын шектенүүсү тарап, онлайн-соода кылууга өтүшөт.

— Соңку соболумду узатайын, эмнеге Кытайда жашап калбадыңыз?

— Окуп жүргөнүмдө эле сунуштар түшкөн, азыр деле жок эмес. Бирок мен өз өлкөмдү жанымдай көрөм. Сыртта жүргөнүмдө Кыргызстанга куса боло берем. Ушул жерде төрөлүп-өстүм. Өзүм бутума туруп, мекенимдин да өнүгүшүнө салым кошкум келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0