БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстанда учурда 7 024 адам коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, 7 024 учурдун ичинен 1 897 бейтаптан коронавирус аныкталса, 5 127си пневмония менен күрөшүүдө.
Белгилей кетсек, 17-июлдан тарта бийлик коронавирус менен пневмонияны чогуу санай баштаган. U07.1 коду коронавирус деп эсептелсе, U07.2 клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган ооруканадан тышкаркы пневмония болуп саналат.
COVID-19 илдетинен дарыланып жаткандар (пневмонияны эсепке алганда):
- Бишкек шаары — 2 789;
- Чүй облусу — 673;
- Ош шаары — 577;
- Ош облусу — 1 112;
- Талас облусу — 143;
- Жалал-Абад облусу — 581;
- Нарын облусу — 128;
- Баткен облусу — 366;
- Ысык-Көл облусу — 655.