"Вакциналар жарышы": Батыш башка эмдөөнү тааныгысы жок

© REUTERS / Tasos KatopodisАКШ президенти Дональд Трамп. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус пандемиясы дүйнөлүк экономиканы тизелетип койгон убактан бир ай өтүп-өтпөй, саясий жана медиалык дүйнөдө эл аралык мелдештин жаңы "жанры" пайда болду. Тамаша катары аны вакциналар жарышы деп койсок болор.

Иван Данилов

Коронавирустун жамааттык Батышка келтирген психологиялык травмасын эске алсак, бул жарышта утуп чыгуу батыш коомунун өз сыйын сактап калуу көз карашынан алып караганда саясий гана тургай, саясий жана принципиалдуу маселеге айланып отурат.

Европалык гумандуулуктун мыкты салт-санаасы менен тарбияланган кишиге (заманбап дүйнөдө бул европалык же америкалык эмес, советтик же россиялык билими бар кишини туюндуруп калган), азыркы батыштын "вакцина жасоо жарышы" оопайлыгын түшүнүү өтө кыйын. Бирок заманбап АКШ жана Улуу Британиянын башкы индустриясы, башкача айтканда, саясий жана коммерциялык пиар жагынан түшүндүрүүгө аракет кылууга болот.

Октябрдан баштап россиялыктар жапырт коронавируска эмделе баштайт

Жамааттык Батыштын пиар мейкиндигинде, ошондой эле дал АКШ жана Улуу Британия бир нече олуттуу "коронавирустук травма" алды. Биринчиден, ыраактагы (ошондой эле "терең тоталитардык жана кай бир жерде артта калган") Кытай эпидемияны жеңүүдө , көйгөйдү башкалардан оболу түшүнүп, экономикалык зыянды натыйжалуу чектей алды. Бул багытта АКШ менен Улуу Британия, ошондой эле Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү өздөрүнүн мекенчил жарандарынын да шаабайын сууткандай.

Коронавируска каршы күрөштөгү ийгилиги (өлүм саны аздыгы) жана жапырт тестирлөөнү жөнгө сала алганы менен Россия да жамааттык Батыштын жеке баасын солгундатты. Саламаттык сактоо уюмунун баасынан тышкары баары ачык көрсөтүлүп турса да, батыштагы басылмалар статистика жасалмаланды деген негизсиз айыптоолорго чейин барды. Бирок Нью-Йорктун көчөлөрүндө эпидемиянын курмандыктары муздаткычтарга коюлганы эле медициналык жана мамлекеттик башкаруунун сапатын айырмалоого жетиштүү эмеспи.

Ушундан улам чыгымы жана тобокелдиктерине карабай, кадыр-барк жагынан жамааттык Батыш (ошондой эле айрым дымагы күч батыштык саясатчылар) үчүн вакцина жасоодо биринчи болуу өтө маанилүү маселеге айланып барат. Анткени, мисалы, АКШ үчүн дале "дүйнөдө дале алдыңкы сапта экенин" көрсөтүүсү керек.

Ошону менен бирге эле америкалык маалымат каражаттарында жарыяланган макалалар бир кызык элес калтырат. Алардын кожоюндары мүчө болгон партияларына жана Дональд Трампты жактырып-жактырбаганына жараша вакцина иштеп чыгуу менен алектенген компанияларга же британиялык, немец, ал түгүл индиялык ишкана, университеттерге да күйүп-бышууда. Кыскача муну "бул жарышта биринчилик "туура" өлкөнүн кайсы бир структурасына тийсин, мындан Трамп саясий упай топтой албасын" деген ниеттеги аракет катары сыпаттоого болот.

Тараза ташында адамзат өмүрү. COVID-19га каршы вакцина чыгаруу жарышына чыккандар

Кеңири деңгээлде да ушундай эле жаңжал байкалат, НАТО же G7 боюнча өз өнөктөштөрүнүн аракеттерин координациялоонун ордуна расмий Вашингтон Германиядан келечектүү биотехнологиялык компанияны АКШга которуп алууга аракет кылган. Бул туурасында жазып чыккан айрым немец басылмаларынын маалыматына караганда, ал ишкананын антивирустук кандайдыр бир маанилүү иштелмелери бар экен. Андыктан Россия менен Кытай коронавируска каршы вакцина жасап, жапырт эмдөө алдында турганы жөнүндөгү маалымат батышты солкулдатпай койгон жок. Албетте, америкалык медициналык аткаминерлер чындап эле кесипкөйлүк менен ой жүгүртөрүн болжоого болот, бирок жогоруда айтылгандарды эске алсак, белгилүү бир саясий өңүт бар экенинен да шек жаратпай койбойт.

Ушул күздө медиктерди жапырт эмдөөнү баштоо тууралуу россиялык пландар, ошондой эле Кытайдагы вакциналар боюнча ийгиликтүү сыноолор жөнүндөгү маалыматтарга карата расмий реакция катары The Wall Street Journal басылмасындагы башкы америкалык инфекционисттин көз карашын келтирүүгө болот.

"АКШдагы жугуштуу оорулар боюнча башкы эксперт, доктор Энтони Фаучи конгресс комитетинин COVID-19 боюнча бөлүмүнүн угууларында "Кытай жана Россияда иштелип чыккан вакциналарды АКШ пайдаланбайт го" деп билдирди. "Кытайлар жана орустар бирөөнү эмдөөдөн мурда вакцинаны чындап эле сынап көрүп жатканына ишенгим келет. Сыноодон оболу вакцина таркатууга даяр экени менимче, көйгөйлүү", — дейт ал. Доктор Фаучи АКШ вакцинаны жыл аягына дейре алып каларына үмүттөнөрүн билдирген.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Bloomberg ишкердик маалымат агенттигинин ар кыл өлкөлөрдө чыгарыла турган вакциналардын салыштырмалуу анализине караганда, Фаучи кыязы америкалык Moderna компаниясынын вакцинасына үмүт артып жаткан өңдөнөт. Bloomberg агенттигинин маалымат түрмөгүндө ушул тапта (макала жазылып жаткан чакта) россиялык вакцина тууралуу кабар камтылбаптыр. Бул батыш окурманынын Россиянын мүмкүнчүлүктөрүн туура эмес кабыл алышына же "россиялык вакцина жок жерден чыга калды" дегендей пикирге кабылышына түрткү бериши мүмкүн.

"Вакциналар жарышы" кандай өңүттө уланарын азыртан эле боолголоого болот: россиялык же кытайлык вакцинаны дароо кооптуу деп жарыялап, муну жалган кабар жанрында маалыматтар менен бышыктоону да унуткарышпайт.

Мындай пикирлер менен катар эле, бул вакциналар таасир эте баштаган күндө деле батыш аудиториясы алар кытай, иран жана россиялык хакерлер тарабынан уурдалган маалыматтардын жардамы менен жасалды деген тейдеги маалымат менен сугарыла берери турулуу иш. Анан калса, бул үчүн коомдук пикирдин тийиштүү даярдыгы эбак жүргүзүлгөн.

"Вакциналык улутчулдукка" жана эпидемияны ооздуктоо күрөшүн кандайдыр бир эл аралык мелдештин түрүнө айландыруу аракетине Россия менен Кытайды күнөөлөп, аны менен катар бул маанилүү маселеде Пекин же Москвадан көз каранды болуп калбоо үчүн Батышта өз вакцинасын ойлоп табууга далалат жасала бермекчи.

Доллар дүйнөлүк валюта катары макамын жоготобу? Пикир

Мындай ыкманын көйгөйү – бул "көзөмөлдөнгөн чегинүүнүн" ар бир баскычында батыш медиалык машинасы өз аудиториясынын улам жаңы сегменттеринин баарынын ишениминен кете берери талашсыз болуп калганында.

Ал эми бул россиялык жана кытайлык дезинформацияга каршы күрөштүн зарылдыгы жана тийиштүү америкалык жана европалык структуралардан бир убактагы аброюн калыптандырууга бюджет бөлүп берүү талаптары боюнча кезектеги конференциялар менен аяктайт. Бирок аудиториянын ишеними тез өчөт, кайра калыптаныш ыргагы жай болот эмеспи. Батышта элдин ишеними ансыз да бүлбүл гана жанып турган, коронавирус коомдук ишениминен таюу процессин ого бетер тездетип койду.

Батыш медиа майданындагылар кайда, эмне болбосун айыптап жатып калган Россия, Кытай жана башкалар бул көйгөйгө эч кандай тиешеси жок. Анан да батыштагылар бул "вакциналык улутчулдуктан" өздөрүнүн айынан болду-болбоду жалгыз жабыркашы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0