https://sputnik.kg/20200723/finpol-on-rulduu-unaany-alyp-kiruu-anyktoo-1049105783.html
Финпол өлкө аймагына оң рулдуу 9 унаа киргизмекчи болгондорду кармады. Видео
Финпол өлкө аймагына оң рулдуу 9 унаа киргизмекчи болгондорду кармады. Видео
Sputnik Кыргызстан
Финполдун кызматкерлери "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү бекетинен оор жүк ташуучу үч унааны токтоткон. Алардын ар биринде үчтөн жеңил машина болгон. 23.07.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-07-23T11:50+0600
2020-07-23T11:50+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/07/17/1049105582_0:72:1024:652_1920x0_80_0_0_f434c1eeecf638d8887c5891fe97db04.jpg
чүй облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/07/17/1049105582_0:40:1024:684_1920x0_80_0_0_cdd832e00e69a319ec7b12e4b9343e86.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, чүй облусу, финансы полициясы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, чүй облусу, финансы полициясы
Финпол өлкө аймагына оң рулдуу 9 унаа киргизмекчи болгондорду кармады. Видео
11:50 23.07.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Финполдун кызматкерлери "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү бекетинен оор жүк ташуучу үч унааны токтоткон. Алардын ар биринде үчтөн жеңил машина болгон.
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстандын аймагына ири жүк ташуучу унаалардын ичине оң рулдуу жеңил автокөлүктөрдү салып алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) кабарлады.
Ага ылайык, Финполдун Чүйдөгү кызматкерлери мобилдик топ менен бирге "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү бекетинен оор жүк ташуучу Renault Premium, Volvo FH12 жана Volvo FH13 унааларын токтотушкан. Текшере келгенде ар биринин чиркегичинде оң рулдуу үчтөн жеңил машина болгон. Тогуз автокөлүктүн үлгүсү ар башка экендиги белгиленет. Бирок документте машинанын тетиктери гана ташылып бара жатканы көрсөтүлгөнү айтылат.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй облусунун Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгы унаалар Япониядан чыкканын жана аларга эч кандай оңдоп-түзөө керек эместигин аныкташкан.
Финпол Бишкекте клександы 8 миң сомдон саткандарды аныктады. Видео
Учурда унаа окуясы кененирээк аныкталып, тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы кошумчаланды.
Финпол мыйзам боюнча өлкөгө оң рулдуу унааны ташууга тыюу салынганын эскертти. Буга коммуналдык чарбага, айыл чарбасына, жолдорду курууга (техникалык тейлөөгө) ылайыкталган транспорт каражаттары кирбейт.