00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көлдө COVID жуктургандардын, өлгөндөрдүн саны эмнеге дароо өсүп кетти? Түшүндүрмө

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в УКБ №2 Первого МГМУ им. И. М. Сеченова
Госпиталь COVID-19 в УКБ №2 Первого МГМУ им. И. М. Сеченова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, өткөн суткада коронавирус жуктургандардын көбү Бишкекте катталса (323), экинчи орунда эле Ысык-Көл облусу турат. Аталган аймакта бир суткада 154 кишиден вирус аныкталган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоев эмне себептен аталган аймакта өткөн суткада коронавирус жуктургандар жана андан каза болгондордун саны дароо өсүп кеткенин түшүндүрүп берди.

Белгилей кетсек, 21-июлга карата коронавирус жуктургандардын көбү Бишкекте катталса (323), экинчи орунда эле Ысык-Көл облусу турат. Аталган аймакта бир суткада 154 кишиден вирус аныкталган. Ошондой эле каза болгондор боюнча да Ысык-Көл экинчи орунга чыккан. Облуста коронавирус бир суткада жети кишинин өмүрүн алган.

Кечээтен бери коронавирустан 42 киши көз жумду

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоевдин айтымында, жетөөнүн баары тең өткөн суткада каза болгон эмес.

"20-июлда коронавирустан үч адам көз жумду. Ал эми экөө 18-июлда, экөө 19-июлда көз жумган. Болгону булар мурдагы статистикага берилбей калгандыктан, адистер өткөн сутканын статистикасына киргизип коюшуптур", — деди Кожоев.

Эскерте кетсек, кечээ Sputnik Кыргызстан агенттиги Республикалык штаб менен Каракол шаардык мэриясынын коронавирустан каза болгондор боюнча маалыматтары дал келбей жаткандыктан окуяны териштирип көргөн.

Анда Республикалык штаб 18-19-июлда Ысык-Көлдө коронавирустан каза болгондор жок деп билдирсе, Каракол мэриясы үчөө көз жумганын жазган. Окуяны териштире келгенде эки күндө аталган аймакта эки эркек, эки аял каза болгон.

Кыргызстан COVID-19дун кийинки толкунуна кантип кам көрүүдө? Бороновдун жообу

Кожоев облуста пневмония жуктуруп алгандар көп болуп жатканын айтып, аларга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү үчүн болгон аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

"Бизге коронавирус менен пневмония боюнча статистиканы эки башка жактан беришет. Мисалы, бүгүнкү 154 учурдун ичинен төртөө коронавирус болсо, калганы пневмония. Ооругандарды дарылоо үчүн Каракол шаарында дагы кошумча 120 орун даярдалып жатат", — деди ал.

Өкмөт ар бир аймакка компьютердик томография ачууну көздөп жатат

Облус боюнча жалпы 1 416 адам коронавирус жуктуруп алса, анын ичинен 49 адам илдеттен көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0