Кечээтен бери коронавирустан 42 киши көз жумду

© AFP / PEDRO PARDOОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ дарылоо протоколуна клексан менен гепаринди алмаштыруучу дары-дармектер кошулду.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 42 адам каза тапты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

COVID-19дан каза болгондордун жаңы учурлары (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек — 9;
  • Ош — 2;
  • Чүй облусу — 3;
  • Ош облусу — 7;
  • Талас облусу — 4;
  • Нарын облусу — 4;
  • Ысык-Көл облусу — 7;
  • Жалал-Абад облусу — 5;
  • Баткен облусунда — 1.

Өткөн суткада өлкөдө коронавирустан 1 667 киши айыкты

Ушуну менен өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 1079га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0