00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Рекорд! РКӨФ быйыл өлкө экономикасына 225 миллион доллар инвестиция салды
13:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
с Таалайбеком Ороскуловым
14:06
60 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Поддержка молодёжных инициатив – о конкурсах для молодых творческих школьников и студентов от АНО «Евразия»
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жасалма интеллект жана дүйнөлүк экономика. Саресеп
17:04
35 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Выход из тени и послабления для бизнеса — как 2025 год прошел для предпринимателей КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Фергана өрөөнүндөгү кыргыз кыз-келиндеринин косметикалары. Тарыхчы менен маек
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акыркы эки күндө Ысык-Көлдө COVID 4 кишинин өмүрүн алган. Штаб эмнеге аны айткан жок?

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүү Городская клиническая больница № 1 им. С.З. Фишера в городе Волжский
 Городская клиническая больница № 1 им. С.З. Фишера в городе Волжский - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык штабдын эки күнгө берген статистикасына ылайык, Ысык-Көлдө каза болгондор жок болчу.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. 19 жана 20-июлга карата Ысык-Көл облусунда коронавирустан төрт адам каза болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.

Республикалык штабдын 19-июлга жана 20-июлга карата берген статистикасына ылайык, Ысык-Көлдө көз жумгандар жок болчу.

Бирок 20-июлда Каракол шаардык мэриясы акыркы эки суткада коронавирустан үч адам көз жумганын Facebook социалдык баракчасы аркылуу кабарлады.

Адатта коронавирус боюнча статистиканы Республикалык штаб Саламаттык сактоо министрлигинен алат. Бирок учурда министрликтин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова ооруп жаткандыктан, статистика боюнча билдирүүлөрдү Ден соолукту бекемдөө республикалык борборунан суроону өтүнгөн.

Коронавирус боюнча статистика азыркыга чейин даяр боло элек. Себеби

Аталган борбордун жетекчиси Нурила Алтымышева 20-июлга карата статистика "нөл" деп келгенин айтты.

"Биз статистиканы жашырып койгон жокпуз. Аймактагылар бизге маалыматты кол коюп жиберишет. Ал жакта расмий түрдөгү кагазда "нөл" деп жазылып турат", — деди Алтымышева.

Бирок өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Кожоев 19 жана 20-июлга карата статистиканы тактап көрүп, жыйынтыгында өткөн эки суткада коронавирус төрт адамдын өмүрүн алганын билдирди.

Министрлик: Кыргызстанда COVID жана пневмониядан өлгөндөрдүн саны азаюуда

"19-июлга карата (18-июлда) Каракол шаарында 80 жана 69 жаштагы эки эркек киши каза болгон. 20-июлга карата (19-июль) Ак-Суу районунда 46, Караколдо 56 жаштагы эки аял коронавирустан көз жумган", — деди Кожоев.

Ал адистердин айтымына таянып, коронавирус боюнча статистиканы министрликке ар бир оорукана өз-өзүнчө жиберерин кошумчалады.

"Адистер түшүндүргөндөй, министрликтин атайын электрондук базасы бар экен. Ал жакка статистиканы ар бир оорукана өздөрү жиберет. Балким ошолордон ката кетип калышы мүмкүн экенин айтышты", — деди Кожоев.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 19-июлга карата өлкөдө коронавирустан 70 адам, ал эми 20-июлга карата 34 бейтап көз жумган. Ошону менен өлкөдө коронавирус жалпы 1 037 адамдын өмүрүн алган.

Бирок статистикада көрсөтүлбөй калган төрт адамды кошо турган болсок, көз жумгандардын саны 1 041ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0