Диетолог: ак нан, колбаса, тез татымдан баш тарткан оң

CC0 / Pixabay / Matthias BöckelПравильное питание
Правильное питание - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара тизмеге газдалган суусундуктар жана сүт дагы кирген. Мындай суулардын курамындагы фосфор кычкылтеги сөөктөрдү "өлтүрөрү" айтылган.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Диетолог Елена Кален ден соолукка зыян алып келе турган беш азыкты атап, алардан баш тартууну сунуштады. Дарыгердин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды. 

Анын айтымында, биринчи кезекте колбасанын түрүнөн баш тартуу керек. Айрыкча, май менен туз көп кошулган колбаса ден соолукка абдан зыян. Мындай азыктарды көп жегенде бөйрөк менен боордун иштөөсү начарлайт жана тери бузулат.

Дагы бир зыяндуу делген азык — май, сүт кошулуп жасалган нандын түрү. Адистин айтымында, булочка, пирог, ак нандын курамында гликемикалык индекс жогору. Ал кандагы глюкозанын көлөмүнө түздөн-түз терс таасирин берет.

Кайсы тамак-аш мээ клеткаларынын иштөөсүн бузат. Адистин пикири

"Глюкоза бир азайып, бир көбөйүп жатып кант диабетин пайда кылышы ыктымал. Мындан сырткары, ачыткы ичеги-карындын иштөөсүн начарлатып, ичти көптүрөт", — деди Кален.

Диетолог тез татымдан да баш тартууга чакырды. Чизбургер, хот-дог, фри картошкасында куурулган май жана туз абдан көп. Мындай азыктар организмдеги суунун балансын бузуп, шишикти пайда кылып, териге терс таасирин тийгизет.

Кабыгы да пайдалуу. Сөөктү бекемдеп, рактын алдын алчу азык айтылды

Кара тизмеге газдалган суусундуктар жана сүт дагы кирген. Газдалган суулардын курамында фосфор кычкылтеги бар. Ал сөөктөрдү "өлтүрөт". Башкача айтканда, фосфор кычкылтеги организмден кальций, магний заттарын жууп салып, остеопороз оорусуна алып келери айтылды.

Ал эми сүттө лактоза бар. Аны чоңдордун организми жакшы сиңире албайт. Аны көп ичсе ич көөп, жыйынтыгында адамды ыңгайсыз абалга алып келе турганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0