ИВЛдин ордуна БИПАП колдонуу коопсуз жана арзан. Марипов жаңы ыкма тууралуу

© AFP / XAVIER GALIANAДарыгерлер жана медайымдар коронавирус менен ооруган кишини карап жатат
Дарыгерлер жана медайымдар коронавирус менен ооруган кишини карап жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкекте коронавируска чалдыккандардын санынын кескин өсүп кетишине элдин кайдыгер мамилеси себеп болду" деген дарыгер COVID-19 менен күрөшүүдө дагы бир ыкманы ийгиликтүү сындан өткөрүп жатканын билдирди.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов коронавирус аталган райондо катталгандан тарта эле бейтаптарды дарылоодо өзүнүн оригиналдуу ыкмалары, камбылдыгы менен көптөгөн кесиптештеринен айырмаланып келет.

Врач жакында эле коронавирус менен ооруп айыккандардан кан алып, абалы оорлорго куюп дарылоону республикада биринчилерден болуп колго алган. Ага удаа эле коронавирустан улам пайда болгон пневмонияны дарылоодо суюк кислородду колдонуу менен ийгиликтерге жетишсе, эми минтип медицинада колдонулуп эле жүргөн BIPAP аппаратын COVID-19 менен күрөшүүгө тартып жалпы өлкөгө сунуштап турган чагы.

© Фото / Пресс-служба ЖК КРКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов коронавирус аталган райондо катталгандан тарта эле бейтаптарды дарылоодо өзүнүн оригиналдуу ыкмалары менен көптөгөн кесиптештеринен айырмаланып келет
ИВЛдин ордуна БИПАП колдонуу коопсуз жана арзан. Марипов жаңы ыкма тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов коронавирус аталган райондо катталгандан тарта эле бейтаптарды дарылоодо өзүнүн оригиналдуу ыкмалары менен көптөгөн кесиптештеринен айырмаланып келет

— БИПАП аппараттары коронавирустан пайда болгон пневмонияны дарылоодо кандай ролду аткарат?

— Кыргызстанда COVID-19 инфекциясы алгачкы ирет катталган күндүн эртеси эле биздин райондон да бул ооруга чалдыккандар болгон. Ошол 19-марттан тарта биздин райондук оорукана илдет менен күрөшүп келет. Бул аралыкта өлкөдө али жасала элек эки жаңы методду сынап көрдүк. Экөө тең ийгиликтүү ишке ашып, азыр республиканын башка облустарында да колдонулуп жатат. Алардын бири COVID-19дан айыккан адамдардын канынан жасалган плазманы бул вирус менен катуу ооруп жаткан бейтаптарга куюу болсо, экинчи ыкмабыз суюк кычкылтекти колдонуу эле. Азыркы учурда плазма боюнча Ноокат аймактык ооруканасы башка өрөөндөн келген медиктер менен тажрыйба бөлүшүп, Бишкек, Ош, Жалал-Абадга антителолору бар плазмаларды жиберип жатабыз. Ал эми суюк кычкылтекти колдонуу ыкмасын Нарындын дарыгерлери бизге келип үйрөнүп кетишти. Ошондой эле борбордогу "Ганси" стационарында да бул методду колдонуп жатышыптыр. Суюк кислороддун артыкчылыгы — анын 99,7 пайыз таза кычкылтектен турганында. Бул пневмонияга чалдыгып аба жетпей жаткан өпкө үчүн адам катуу суусап келип, суусунун кандыра таза суу ичкендей эле кеп.

Бишкекке өкмөт сатып алган 200 мобилдик кычкылтек концентратору келди

Бирок, тилекке каршы, күндөн-күнгө ооругандардын саны көбөйүп, аларды суюк кычкылтек, ИВЛ аппараттарына туташтыруу зарылчылыгы күчөп жатат. Колубуздагы жабдуулар аздык кылып, жетишпей жатканы ойлондура баштады. Алдыбызда абалдан чыгыш керек деген курч маселе турду. Көп өтпөй өпкө кемтиги менен төрөлгөн ымыркайларга коюлуучу СИПАП аппараттарын эстедим. Ошол сыяктуу эле өпкөгө дем жетпей кыйналган бейтаптарга колдонулуучу БИПАП аппараттары бар. Коронавирус пневмониясына чалдыгып, орто жана оор абалда жаткан бейтаптарга ушул аппаратты коюп көрүүнү чечтим. Анткени БИПАПтын жакшы жагы — ал ИВЛ жабдууларындай атайын түтүк аркылуу эмес, мурун, оозду жапкан маска тагуу менен туташат. Демек, түтүккө өпкөдөн чыккан суюктуктар толуп калып абанын киришине тоскоолдук жаратуу жана айрым адамдарда пайда болуучу ИВЛ түтүгүнүн айланасынын ириңдеп кетүү коркунучу болбойт. Анан да бир артыкчылыгы — БИПАП жабдуусу кирип жаткан кычкылтектин басымын жогорулатып, ал эми чыгуучу көмүр кычкыл газынын басымын азайтып берет. Бул бейтапка кыйналбай дем алууга шарт түзөт. Ошону менен катар эле БИПАПтын башкалардан эң пайдалуу өзгөчөлүгү ал өпкөгө жөн гана аба жеткирип тим болбой, анын өз алдынча жыйрылып иштешине көмөктөшөт. Бул өпкөнүн альвеолдоруна массаж сыяктуу таасир этип, андагы топтолгон вирустардын өрчүшүнө чоң тоскоолдук жаратат. Демек, адам инфекциядан батырак арылып, тез айыгат деген сөз.

Вируска каршы дарылар эмнеге Кыргызстандын протоколунда жок? Адистин түшүндүрмөсү

© Фото / предоставлено Асамидином МариповымАсамидин Марипов: аппараттын артыкчылыгы — БИПАП жабдуусу кирип жаткан кычкылтектин басымын жогорулатып, ал эми чыгуучу көмүр кычкыл газынын басымын азайтып берет. Бул бейтапка кыйналбай дем алууга шарт түзөт
ИВЛдин ордуна БИПАП колдонуу коопсуз жана арзан. Марипов жаңы ыкма тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Асамидин Марипов: аппараттын артыкчылыгы — БИПАП жабдуусу кирип жаткан кычкылтектин басымын жогорулатып, ал эми чыгуучу көмүр кычкыл газынын басымын азайтып берет. Бул бейтапка кыйналбай дем алууга шарт түзөт

— БИПАП аппараттарынын каршы көрсөткүчтөрү барбы же бардык эле пневмония болгон адамдарга коюла береби?

— Эч кандай тыюу салынбайт. Мурда-кийин башка дарты бар болсо деле пневмонияга чалдыгып дем алуусу оорлосо колдоно берсе болот. Ал тургай үй шартында да иштетүүгө толук мүмкүн, коопсуз. Ал эми баасы түрүнө жараша. Коронавирус пневмониясынан дарыланууда колдонууга боло тургандары дүң баада алса 100 миң сомдун айланасында экен, азыр эми баары кымбаттап кетпедиби. Чекене алса андан бир аз кымбатыраак болсо керек. Ошол эле Россия, Түркия, Кытай жана башка мамлекеттерден чыгат. Биз бул ыкма менен бейтаптарды дарылай баштагандан бери калк ден соолугуна кайдыгер карабаган район жаштары, тургундары, ыктыярдуу түрдө жардам берген эр-азаматтар чогулуп районго дагы 50 ушундай аппарат сатып беришерин айтышты. Мага жеткен маалымат боюнча учурда ал жабдуулар жолдо келе жатат. Абдан кубанып турам. Эл үчүн мындай ишти аткарууга салымы бар ар бир мекендешиме жүрөктөн чыккан ыраазычылыгымды айткандан тажабайм. Биздин оорукананын дарыгерлери жалпыбыз бул аппараттарды чыдамсыздык менен күтүүдөбүз.

Адис: COVID симптомcуз өтпөйт, болгону бул адамдардын иммунитети күчтүү

© Фото / Пресс-служба ЖК КРАсамидин Марипов: элдик медицинада колдонулган кан чыгаруу ыкмасы COVID-19ду дарылоого жардам бербейт. Вирустан улам кандын курамы өзгөрүүгө дуушар болот, вирус бир эле канда эмес бүт организмде жүрөт. Бул учурда кан алуу абдан кооптуу. Мен бейтаптарды бул ыкмадан алыс болууга чакырат элем
ИВЛдин ордуна БИПАП колдонуу коопсуз жана арзан. Марипов жаңы ыкма тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Асамидин Марипов: элдик медицинада колдонулган кан чыгаруу ыкмасы COVID-19ду дарылоого жардам бербейт. Вирустан улам кандын курамы өзгөрүүгө дуушар болот, вирус бир эле канда эмес бүт организмде жүрөт. Бул учурда кан алуу абдан кооптуу. Мен бейтаптарды бул ыкмадан алыс болууга чакырат элем

— Бул ыкманы Бишкекте ооруп жаткан адамдарга колдонсо кантет? Сунуштап көрдүңүзбү?

— Жеке өзүм министрликке же башка бир жактарга кат жазып, кайрылып сунуштаган жокмун. Антүүгө азыр убакыт да жок. Бирок борбордон, башка облустардан кызыккан кесиптештерим менен тыгыз байланыштамын, алар биздин ийгиликтерибизге кошо кубанып, биргеликте көз салып турушат. Бул ыкманы республиканын башка аймактарында да колдонушса деген изги тилегибиз бар. Ал үчүн тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө ар дайым даярбыз. Бизге кайрымдуу адамдар алып бергени жаткан 50 БИПАП келип калса, өлкө боюнча бул методду жайылтуу иштерибиз да алдыга жылат эле.

— Коронавирус пневмониясы өзгөчө борбор калаада оор өтүүдө. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Бишкек чоң шаар болгондуктан биринчи кезекте адамдар көп, аралыкты сактоо өзгөчө кабат үйдө жашагандар үчүн кыйынга турат. Ошону менен катар эле вирус жаңыдан пайда болгондо элдин кош коңүл мамиле жасап койгондугу да ушул кесепетке алып келди. Мындан сырткары, чоң калаа тургундарында кыймыл аз болот, күнгө аз чыгышат, убакыт-сааты менен уктоо дегенге көңүл бурушпайт. Тамак-ашы болсо айылдыктарга салыштырмалуу нукура азыктар эмес, жарым даяр, чала бышырылган. Муздаткычта көп сакталып пайдалуу элементтерин жоготкон азыктар менен тамактанышат. Мунун баары келип эле иммунитеттин начарлашына алып келет.

Хижама ыкмасы коронавирус же пневмониядан айыктыра алабы? Адистин жообу

© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КРАсамидин Марипов: иммунитетти көтөрүү үчүн сүт, айран, кымыз, жалпы эле сүт азыктарын жеп туруу абдан жакшы. Бул азыктар адамдын организминдеги антиоксиданттарды көбөйтөт. Организм COVID-19га чалдыкканда антиоксиданттар биринчи жардамга келет
ИВЛдин ордуна БИПАП колдонуу коопсуз жана арзан. Марипов жаңы ыкма тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Асамидин Марипов: иммунитетти көтөрүү үчүн сүт, айран, кымыз, жалпы эле сүт азыктарын жеп туруу абдан жакшы. Бул азыктар адамдын организминдеги антиоксиданттарды көбөйтөт. Организм COVID-19га чалдыкканда антиоксиданттар биринчи жардамга келет

— Эл арасында азыр иммунитет көтөрүүнүн ар кандай ыкмалары, мисалы, ошол эле айран, кымыз, түрдүү чөптөрдү кайнатып ичүү айтылып жатат. Кайсынысын жасашты билбей башыбыз айланып калды. Муну менен катар эле кан чыгаруу же болбосо кыйма (хижама) жолу аркылуу коронавирустан айыктыруу да сунушталууда. Бул ыкмаларды колдонуу туурабы?

— Иммунитетти көтөрүү үчүн сүт, айран, кымыз, жалпы эле сүт азыктарын жеп туруу абдан жакшы. Бул азыктар адамдын организминдеги антиоксиданттарды көбөйтөт. Организм COVID-19га чалдыкканда антиоксиданттар биринчи жардамга келет. Мындан сырткары, билген адам менен кеңешип керектүү чөп, ошол эле карагат, малинанын жалбырактары, ит мурун дагы башка чөптөрдүн аралашмасы менен жай турмушта деле бир маал чай ичип койгон абдан пайдалуу. Күнүмдүк жашоого кыймылды кошуу керек. Кыймыл — бул жашоо деп бекер айтылган эмес да. Ал эми элдик медицинада колдонулган кан чыгаруу ыкмасы COVID-19ду дарылоого жардам бербейт. Бул вирус, мында санитардык эрежелер абдан катуу сакталышы талап кылынат. Мындан сырткары, вирустан улам кандын курамы өзгөрүүгө дуушар болот, вирус бир эле канда эмес бүт организмде жүрөт. Бул учурда кан алуу абдан кооптуу. Мен бейтаптарды бул ыкмадан алыс болууга чакырат элем.

Жаңылыктар түрмөгү
0