"Сактап кал" деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги

© AFP / Уlafur Steinar Gestsson / Ritzau ScanpixСитуация в Дании из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Дании из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги азыркы күндүн баатырлары жана алардын жасап жаткан иштери туурасында айтып берүүнү туура көрдү. Өлкө кыйын кырдаалга кептелгенде демилгени колго алып, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган жаштар арабыздан суурулуп чыкты.

Ыктыярчылар пандемия маалында элге, мекенге кызмат кылууну түздөн-түз жарандык милдет катары эсептейт. Арасында медиктер, айдоочулар, медиктерди тамак менен камсыздагандар бар.

Бул ыктыярчылар азыр да буту-бутуна тийбей чуркап эл кызматында жүрүшөт. Кыргызстандыктардын биримдигин чет элдик замандаштар да баса белгилеп, баа берип жаткандыгы көңүл көтөрөт.

Ушундай учурда элиме пайдам тийбесе анда качан?

Ынтымак Бейшенбек уулу учурда ыктыярчы катары айдоочулук ишти аркалоодо. Ал мурда атайын кызматта иштеп, кийин жеке бизнес менен алектенип кеткен. 

© Фото / Ынтымак Бейшенбек уулуЫнтымак Бейшенбек уулу учурда ыктыярчы катары айдоочулук ишти аркалоодо. Ал мурда атайын кызматта иштеп, кийин жеке бизнес менен алектенип кеткен
Сактап кал деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги - Sputnik Кыргызстан
Ынтымак Бейшенбек уулу учурда ыктыярчы катары айдоочулук ишти аркалоодо. Ал мурда атайын кызматта иштеп, кийин жеке бизнес менен алектенип кеткен

30 жаштагы жигит төрт баланын атасы. Кыргызстандагы оор кырдаалды четте карап турууга жүрөгү чыдаган эмес. Азыркы учурда иштеп жаткан медиктерди жана ыктыярчыларды ушул замандын баатырлары деп эсептейт. Анткени ажалдан адам өмүрүн талашкан медиктердин каармандыгына күн сайын күбө. Ынтымак үйдө дарыланып жаткан бейтаптарга медиктерди өз унаасы менен ташыйт.

Четте карап тура албадым. Кыйын күндө мекенге кайткан дарыгердин маеги

"Ар замандын өз каармандары болот. Пандемия маалында жанын оозуна тиштеп "элим" деп чыккан улан-кыздарга таазим кылам. Булардын катарына кошулганымдын себеби, ушундай учурда элиме пайдам тийбесе, анан качан деп ойлондум. Бишкекте бир миллион адам жашаса, бир жарым миңдей ыктыярчы иштеп жүрөт. Ыктыярчылар дагы керек. Мен жаштарды, өзгөчө жигиттерди ушундай оор кырдаалда элге жардам берип, катарыбызга кошулууга чакырат элем. Азыр мурункуга салыштырмалуу бир аз кырдаал жеңилдеп калганы байкалууда",  — деди Ынтымак.

Анын айтымында, ыктыярчылар баштагыга салыштырганда вирустан коргонуунун жолун үйрөнүп, медицинадан бир аз болсо да түшүнүк алып калды. Ыктыярчы медайымдар учурда тамак-аш, атайын коргонуучу кийим-кечек менен толук камсыздалган. 

© Фото / предоставлено Ынтымак Бейшенбек уулуЫнтымактын айтымында, айдоочу-ыыктыярчылар медайымдар ар бир бейтапка кирип чыккандан кийин бет кап менен кол каптарды алмаштыруусун талап кылышат. Айдоочу болсо дагы врачтын кесибин кайсы бир деңгээлде түшүнүп, билип, коронавирус боюнча консультант да болуп калышты
Сактап кал деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги - Sputnik Кыргызстан
Ынтымактын айтымында, айдоочу-ыыктыярчылар медайымдар ар бир бейтапка кирип чыккандан кийин бет кап менен кол каптарды алмаштыруусун талап кылышат. Айдоочу болсо дагы врачтын кесибин кайсы бир деңгээлде түшүнүп, билип, коронавирус боюнча консультант да болуп калышты

"Азыр ыктыярчылар алгач өзүбүздү карап, вирустан сактануунун жол-жобосун өздөштүрдүк. Медайымдар ар бир бейтапка кирип чыккандан кийин бет кап менен кол каптарды алмаштыруусун талап кылабыз. Айдоочу болсом дагы врачтын кесибин кайсы бир деңгээлде түшүнүп, билдим. Көп адам кайрылат. Ыктыярчылардын баары эле коронавирус боюнча консультант болуп калды. Мага чалгандардан врачтын жыйынтыгын, өпкөсүн текшерткен-текшертпегенин, анализдерин, дарыгер жазып берген дарыларды тактап туруп, оорунун деңгээлине жараша күндүзгү стационардын ыкчам тобундагыларга маалымат берем. Эгер бейтаптын акыбалы оор болсо, ыкчам топтогу дары-дармеги, унаасы менен жүргөн реаниматологдорго кайрылам. Оорунун белгилери жаңы байкала баштаса онлайн консультанттарга беребиз. Ооруп калгандыгы аныкталып, дарыгерлер дарылоо жолдорун жазып берсе, медайымдарды алып барып, тамчылатма ийнелерин сайып беребиз. Бейтаптарга барганда жаркылдап, жакшы маанайда мамиле кылууга аракет жасайбыз", — деди Ынтымак. 

Өпкөмдүн 80 пайызы жабыркаптыр. Пневмониядан сакайган жигиттин маеги

Ал белгилегендей, мындан тышкары, учурда дары-дармек маселеси да курч болуп турат.

"Республиканын ар кыл аймагынан дары издеген бейтаптар чалат. Ыктыярчылар бири-бирибиз менен байланышта болуп, кайсы дарыны кайдан алууга болору тууралуу маалымат алышып турабыз. Ушундай кырдаалда элге жардам колун сунганга жарабаган фарм компаниялардын ээлерин эл душманы катары көрүп калдым", — деп белгиледи ал.

Ыктыярчыларга тигүү цехтеринде иштегендерден да кайрылып, "коргоочу формаларды бекер тигип берет элем же даяр формаларды өз баасында берет элем, жардамым ушул болсун" дегендер да көп болот. Учурда ушундай жарандардын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен коргонуучу форма жетиштүү.

Мамлекеттик мекеменин медиктерин да тамак менен камсыздайбыз

Ыктыярчы Айгерим "Ынтымак" күндүзгү стационары тууралуу интернеттен маалымат алып, уюштуруучуларга кандай жардам керектигин сурап кайрылган. Айгерим жашоодо баштаган ишинин майын чыгара аткарбаса алымсынбайт. Ал азыр коронавирус менен кармашып жаткан Бишкектеги медиктерди тамак-аш менен камсыздоо боюнча координатор. 

© Фото / предоставлено АйгеримЫктыярчы Айгерим Маниярова
Сактап кал деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги - Sputnik Кыргызстан
Ыктыярчы Айгерим Маниярова
"Ыктыярчы болуу тууралуу ниетимди билдиргенде эле жардам керек экенин жана медиктер тамак-аш жагынан аксап жатканын айтышып, координатор болуп берүүнү сунушташты. Мен макул болдум. Чынында ага чейин эле интернеттен түндө бейтаптан чыгып көчөдө гамбургер, сендвич жеп отурган ыктыярчы медиктердин сүрөтүн көрүп боорум ооруган. Сыртта карап тура алган жокмун. Алгач бул ишке досторумду, тааныштарымды чакырдым. Алар өздөрүнүн тааныштарын кошту. Ошентип чынжырча түрүндө уланып отуруп, азыр чоң команда түздүк. Биз колубуздан келишинче жардам берип жатабыз. Күнүнө жардам берүүнү каалагандар "мен мынча адамга, мындай тамак жасап берсем болобу?" деп сурап көп кайрылышат. Алар тамак жасап беришет, биз баш тартпайбыз. Барып тамакты алып, билдирүү түшкөн мекемедеги медиктерге жеткирип беребиз", — деди координатор.

Ыктыярчыларга мамлекеттик мекемелерде иштеп жаткан медиктер да чалып, тамак-аш жагынан жардам сурап көп кайрылышкан.

Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек

"Мисалга бир-экүн мурда эле КММАда госпиталь ачылып, медиктер бир күн бою тамак-аш ичпептир. Бул жакка да 50 адамга жетерлик түшкү тамак таштап келдик. Вирусология институтунда иштеген медиктер да күнү-түнү иштешет. Алар марттан бери болгон тыйын-тыпырын чогултуп, өз акчасына тамактанып келишкенин айтып кайрылышты. Ушундай мамлекеттик мекемелерде, поликлиникада иштеп кайрылган медиктер көп. Буларды күнүнө түшкү жана кечки тамак менен камсыздоо милдетин мойнубузга алганбыз. Жеткирип берүү жагын да шаардагы эле машинасы бар ыктыярчы балдар аткарып жатышат. Медиктерге жардам беребиз дегендерден жардам катары акча албайбыз, ошол акчага тамак жасап бергиле дейбиз. Андан соң демөөрчүлөргө фото отчёт жиберип турабыз. Азыр ыктыярчы медиктерди күнүнө биринчи, экинчиси менен салат, десерт кылып тамагын камсыздоодобуз. "Кожомкул", "Уста" кафелери, "Грамотей" мектеби, Каныкей, Назима, Гүлзада, Назира деген эжелер да биздин катарыбызга кошулуп, күнүнө демөөрчү болуп тамак-аш жасап жатышат. Азыр демөөрчүлөр да WhatsApp менен өз алдынча топторго биригип, бизге күнүнө ар бир топ 50-60 порция тамак жасап берип турушат. Азыр Бишкекте күнүнө 200-300 адамга жете тургандай тамак таратабыз. Андан тышкары, эл арасындагы муктаж адамдар да кайрылууда. Жакында эле бир окуя болду. Эки баласы менен үйүндө ачка калган эже чалып "нан болсо да жардам бере аласыңарбы?" деп ыйлады. Тамак даяр болгондо чалсак, ал эже "Орто-Сай" базарынан Ак-Ордого жөө кетип баратыптыр. Биз барып, эжени үйүнө жеткирип, он порция тамак таштап келдик. Ушундай кайрылгандар да көп болууда. Жардам сурагандардын алыс-жакынына карабай үйүнө жеткирип беребиз", — деди Айгерим.

Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин

Ал азыр Бишкекте жардам берейин, медиктерди кайда алып баруу керек, тамак-аш жеткирип берели деп кайрылган жаш ыктыярчы балдар көп экенин кошумчалай кетти.

Бейтаптарымдын арасында каза болгондор жана жаш балдар болбогонуна кубанам

24 жаштагы Гүлүмжан Жумамүдүнова ыктыярчы медик. Гүлүмжан мурда реанимацияда медайым болуп иштеген, учурда жеке стоматологиялык клиниканын медайымы. Ал Бишкекте оору жуктургандар көбөйүп баштаганда эле ыктыярчы болуу демилгесин колго алган. 

© Фото / Ынтымак Бейшенбек"Кызым, кел, тезирээк, аба жетишпей бара жатат, кыйналып жатам" деген сөздөрдү укканда, тимеле ар бирин алаканыма салып карагым келет... Баарына чың ден соолук каалайм. Эч ким оорубасын", — дейт медайым 
Сактап кал деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги - Sputnik Кыргызстан
"Кызым, кел, тезирээк, аба жетишпей бара жатат, кыйналып жатам" деген сөздөрдү укканда, тимеле ар бирин алаканыма салып карагым келет... Баарына чың ден соолук каалайм. Эч ким оорубасын", — дейт медайым 
"Республикада кырдал күчөгөндө өзүм эле жеке үйлөргө барып бейтаптарга ийне сайып жаттым. Бирок такси менен жүрүүгө туура келип абдан кыйналдым. Ошентсе да бир күндө 7-8 бейтапка ийне саюуга жетиштим. Андан кийин "Элдик жардам" штабына өз каалоом менен кошулдум. Мага бир топ эле жеңилдиктер жаралды. Бул жакта бейтаптарга ыктыярчылар жеке унаасы менен жеткирет, форма жана үч маал ысык тамак менен камсыздашат. Башта эртең мененки убактан кечки саат алтыга чейин өзүмдүн жумушумда иштеп, түнгө чейин ыктыярчы болуп үйлөргө барчумун. Он күнгө жумушубуз токтогондо күнү-түнү штабда иштедик. Адамдар жакшы болуп жатса сүйүндүк", — деди ал.

Медайым азыр баштагыга салыштырганда абал бир аз жакшырганын билдирди. Пандемия маалындагы вирус жуктурган бейтаптар анын жүрөгүндө өчпөй тургандай так калтырган. 

"Чынында бир даректен экинчи дарекке жетүү абдан кыйын болуп жатты. Алгач абал курч болуп жатканда үч сутка уктаган жокмун. Эң эле эсимде калганы жаны кыйналып турган бейтаптардын абалы болду. Алар ыйласа ыйлап, күлсө күлүп жанында отурганым, алардын жалооруп "баарына макулмун, эптеп аман алып кал, жардам бер" деп жалдыраган көздөрү жүрөгүмдү тилип кетти. "Баары жакшы болот" деп аларды жубатып, бейтаптарымдын ден соолугун кудайдан тиледим. Телефонум шыңгыраганда алсам, аркы тараптан: "кызым, кел, тезирээк, аба жетишпей бара жатат, кыйналып жатам" деген сөздөрдү укканда, тимеле ар бирин алаканыма салып карагым келди. Бирок убакыт тардык кылып, баарына бирдей жетишпей жаттым. Жол алыстыгынан кээ бирлерине бир аз кечигип барууга туура келди. Ошентсе да баарынын ийнесин сайып, дарылоого аракет жасап жаттым. Ушул мүнөттөрүм эсимде калды. Баарына чың ден соолук каалайм. Эч ким оорубасын", — деди медайым. 

© Фото / предоставлено Гулумжан ЖумамудуновойАзыр Бишкекте жардам берейин, медиктерди кайда алып баруу керек, тамак-аш жеткирип берели деп кайрылган жаш ыктыярчы балдар көп экени кубандырат
Сактап кал деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги - Sputnik Кыргызстан
Азыр Бишкекте жардам берейин, медиктерди кайда алып баруу керек, тамак-аш жеткирип берели деп кайрылган жаш ыктыярчы балдар көп экени кубандырат

Гүлүмжан бейтаптарынын арасында кичинекей наристелер жана каза болгон бейтаптар катталбаганына шүгүр кылат.

Дары-дармек табууга да жардам беребиз

22 жаштагы Илгиз Султандын кесиби журналист. Ал "Элдик жардам" мобилдик тобунун түзүүчүлөрүнүн бири. Алар дары-дармек таппай кыйналган бейтаптарга препараттын кайсы дарыканада бар экендиги тууралуу маалымат берип келишет.

"Биз мобилдик топ түзүп жатканда социалдык тармактын күчүн колдондук. Telegram, WhatsApp социалдык тармактарында атайын топторду ачканбыз. Бизге муктаждар кайрылышат. Биз интернет аркылуу изделип жаткан дарыларды жазып, социалдык тармактарга таратканда кадимкидей эле даректери табылат. Коомчулук жардамга келет. Муктаж тарапка дарынын дарегин, телефон номерлерин таап беребиз", — деди ал.

Бирок айрым учурда издегендери ордунан чыкпай калган да учурлар кездешет.

Жээнбеков ыктыярчыларга: мындай уул-кыздарыбыз барда дартты жеңерибизге ишенем

Республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 11 977ге жетти. Азыркы тапта стационарда 645 бейтап дарыланып жатат, анын 18и реанимацияда. Үй карантининде дарыланып жаткандардын саны - 5 858. Ал эми 1 654 адам толук айыгып үй карантинден чыгарылды. Ооруканадан 3 660 адам чыкса, тилекке каршы, 160 киши каза болуп калды.

Ал эми пневмониядан март айынан бери өлкөдө 571 бейтаптын көз жумганы маалым болду.  Мындан сакайгандардын саны 3 415ке жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0