Күмүш медалдар гана таза күмүштөн жасалган. Олимпиада-80деги сыйлыктар тууралуу

© Sputnik / Андрей Соломонов / Медиабанкка өтүүОлимпийский чемпион в беге на 400 метров Виктор Маркин
Олимпийский чемпион в беге на 400 метров Виктор Маркин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва олимпиадасында пайдаланылбай калган медалдар, алардын дизайны жана курамы жөнүндө Sputnik жасаган материалдан кенен тааныша аласыз.

Алексей Стефанов

1980-жылы өткөн ХХII Жайкы олимпиада оюндарында тапшырыла турган медалдардын эскизи 1974-жылы, Москва бул ири иш-чараны өткөрө турган шаар катары тандалгандан кийин чийиле баштаган. Ал 1977-жылы Афина шаарында өткөн Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК) 80-сессиясында бекитилген.

"Госзнак" ишканасынын мааалыматына таянсак, Ленинграддагы монета сарайында (азыр "Госзнактын" Санкт-Петербургдагы монета сарайы) 444 алтын, 444 күмүш жана 463 коло сыйлык жасалган. 

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүФлоренциялык сүрөтчү Жузеппе Кассиолинин сүрөтүн Эл аралык олимпиада комитети 1928-жылы бекиткен. Ошондон бери медалдын негизги бетине түшүрүлүп келген. Болгону оюндун кезектеги саны жана өткөрүлгөн жылы алмашчу.
Күмүш медалдар гана таза күмүштөн жасалган. Олимпиада-80деги сыйлыктар тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Флоренциялык сүрөтчү Жузеппе Кассиолинин сүрөтүн Эл аралык олимпиада комитети 1928-жылы бекиткен. Ошондон бери медалдын негизги бетине түшүрүлүп келген. Болгону оюндун кезектеги саны жана өткөрүлгөн жылы алмашчу.

Эрте келген даңк жана капыстан кеткен өмүр. Автордун тагдыры

1977-жылдын башында Олимпиаданы өткөрө турган уюштуруу комитети мыкты деген эскизди тандап алган. Анын башкы бетинде Жеңиштин кудайы Ника Колизейдин фонунда сол колуна пальманын бутагын, ал эми оң колуна жеңүүчүнүн лаврдан жасалган чамбарын кармап турат.

Флоренциялык сүрөтчү Жузеппе Кассиолинин сүрөтүн Эл аралык олимпиада комитети 1928-жылы бекиткен. Ошондон бери медалдын негизги бетине түшүрүлүп келген. Болгону оюндун кезектеги саны жана өткөрүлгөн жылы алмашчу.

Медалдын кырына жеңүүчү машыккан спорттун түрү жазылган.

Олимпиада-80дин музыкасы кантип жаралган. Үнүн тааныбай калган Лещенко

Ал эми экинчи бетинде стадиондун аренасынын фонунда олимпиаданын күйүп турган оту түшүрүлгөн. Оң жагында өйдөрөөк Москва Олимпиадасынын эмблемасы — Кремль мунарасынын сүрөтү чуркай турчу жол түрүндө тартылып, ага олимпиада шакекчелери кошулган. Бул долбоор менен уюштуруу комитети ЭОКтун сессиясына учуп кеткен. 

© Sputnik / Б. Елин / Медиабанкка өтүүМедалдын башкы бетинде Жеңиштин кудайы Ника Колизейдин фонунда сол колуна пальманын бутагын, ал эми оң колуна жеңүүчүнүн лаврдан жасалган чамбарын кармап турат. Ал эми экинчи бетинде стадиондун аренасынын фонунда олимпиаданын күйүп турган оту түшүрүлгөн. Оң жагында өйдөрөөк Москва Олимпиадасынын эмблемасы — Кремль мунарасынын сүрөтү чуркай турчу жол түрүндө тартылып, ага олимпиада шакекчелери кошулган.
Күмүш медалдар гана таза күмүштөн жасалган. Олимпиада-80деги сыйлыктар тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Медалдын башкы бетинде Жеңиштин кудайы Ника Колизейдин фонунда сол колуна пальманын бутагын, ал эми оң колуна жеңүүчүнүн лаврдан жасалган чамбарын кармап турат. Ал эми экинчи бетинде стадиондун аренасынын фонунда олимпиаданын күйүп турган оту түшүрүлгөн. Оң жагында өйдөрөөк Москва Олимпиадасынын эмблемасы — Кремль мунарасынын сүрөтү чуркай турчу жол түрүндө тартылып, ага олимпиада шакекчелери кошулган.

Москва олимпиадасынын медалына 30дагы жаш жана таланттуу Илья Постол аттуу скульптор жигит автор  болгон. Илья советтик белгилүү скульптор, реставратор жана педагог Алексей Постолдун уулу эле. Ал Дубосеково алдында "Панфиловчу 28 баатырга", Москвадагы "К-19 атомаринасынын моряктарына" деп аталган монументалдык курулуштарынын автору болгон.

Замандаштары Илья Постолдун монументализмге абдан жакын болгондугун, эстелик медалдары боюнча көп иштегендигин айтышат. Олимпиада медалынан сырткары "Тысячелетие Крещения Руси 988-1998", "800 лет памятнику древнерусской литературы "Слово о полку Игореве" деп аталган эмгектери болгон. Ал эми мамлекеттик маанидеги медалдары платинадан да куюлган.

Бирок скульптордун тагдыры трагедиялуу болуп, 1988-жылы 38 жашында Илья Постол каза тапкан. Кээ бир маалыматтарда аны мыкаачылык менен өлтүрүшкөн деп айтылып келет. 

© Sputnik / Андрей Соломонов / Медиабанкка өтүүЛенинграддагы монета сарайында жасалган 444 алтын, 444 күмүш жана 463 коло сыйлыктар биринчи орунду алган 204, экинчи орунду камсыздаган дагы 204, үчүнчү орунга жеткен 223 адамга берилген.
Күмүш медалдар гана таза күмүштөн жасалган. Олимпиада-80деги сыйлыктар тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Ленинграддагы монета сарайында жасалган 444 алтын, 444 күмүш жана 463 коло сыйлыктар биринчи орунду алган 204, экинчи орунду камсыздаган дагы 204, үчүнчү орунга жеткен 223 адамга берилген.

Ашыкча медалдарды эмне кылышты?

Ленинграддагы монета сарайында жасалган 444 алтын, 444 күмүш жана 463 коло сыйлыктар биринчи орунду алган 204, экинчи орунду камсыздаган дагы 204, үчүнчү орунга жеткен 223 адамга берилген. Калгандарын эмне кылышты?

"Эл аралык олимпиада комитети бир нече сандагы медалга буюртма берет. Алар сөзсүз түрдө ашыгы менен даярдалат, себеби спорттун кээ бир түрүндө экиден чемпион чыгып калышы мүмкүн. Ал эми калганын өзүнө калтырат. Андан сырткары, олимпиадалык бардык символикалар, сувенирлер, дагы башка нерселер аталган комитетке өтөт. ЭОКтун макулдугусуз Олимпиада өткөргөн өлкө музейине эстелик катары алып кала албайт. Көчүрмөсүн жасап алууга да болбойт", — деп түшүндүрдү СССРдин ошол кездеги Олимпиада комитетинин төрагасы жана Россиянын Олимпиада комитенинин президенти Виталий Смирнов.

Булар менен дүйнө сыймыктанчу! Олимпиаданы багынткан 8 кыргыз спортчусу

Олимпиада өткөрүү тарыхында спротчулар медалды албай койгон учурлар болгон. Алар да ЭОКко кетип турган. 1972-жылы АКШнын баскетбол боюнча командасы экинчи орунда калганы үчүн сыйлоо учурунда чыкпай койгон. Биринчи орун, алтын  —  СССРдин, үчүнчү орун, коло Кубанын курама командасына ыйгарылган.

Смирнов Олимпиада медалдарынын курамы ЭОК тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөрүн айтып берди. Ал жыл сайын өзгөрүшү мүмкүн, бирок Эл аралык олимпиада комитетинин талаптарына жооп бериши керек. 

© Sputnik / Алексей Федосеев / Медиабанкка өтүү1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарына алтын тагынган кыргызстандык спортчу Александр Мелентьев. Ал 33 атаандаш менен күч сынашып, 50 метр аралыктан тапанчадан 60 ирет ок аткан. Жалпысынан 581 упай топтоп, дүйнөлүк рекордду жаңылаганга жетишкен.
Күмүш медалдар гана таза күмүштөн жасалган. Олимпиада-80деги сыйлыктар тууралуу - Sputnik Кыргызстан
1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарына алтын тагынган кыргызстандык спортчу Александр Мелентьев. Ал 33 атаандаш менен күч сынашып, 50 метр аралыктан тапанчадан 60 ирет ок аткан. Жалпысынан 581 упай топтоп, дүйнөлүк рекордду жаңылаганга жетишкен.

Олимпиада-80де сыйлыктардын курамы төмөнкүдөй болгон: алтын медаль 925 үлгүдөгү күмүштөн жасалып, алты грамм алтын менен капталган; күмүш медаль 925 үлгүдөгү чылк күмүштөн, ал эми коло медаль жез (88–97 пайыз) менен цинктин (10 пайыздан ашпаган) эритмесинен даярдалган.

Кыргызстандын 10 олимпиада чемпиону

Москва-80де медалды эң көп СССР алган. Советтик спортчулар 80 алтын, 69 күмүш жана 45 коло медалга ээ болгон. Экинчи орунду ГДРдин атлеттери камсыздаган. Алар 47 алтын, 37 күмүш жана 42 коло алып кеткен. Үчүнчү орунга Болгариянын курама командасы чыккан. Алар мекенине 8 алтын, 16 күмүш жана 17 коло медаль менен кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0