"Унаа" ишканасынын бир катар бөлүмдөрү жабылат. Тизме

© Sputnik / Томас Тхайцук / Медиабанкка өтүүМекеменин эшигинде карантин жазылуусу. Архив
Мекеменин эшигинде карантин жазылуусу. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган бөлүмдөр коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн эскертмелерине байланыштуу жабылмакчы.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. 13-июлдан тарта "Унаа" ишканасынын бир катар бөлүмдөрү жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, аталган бөлүмдөр коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн эскертмелерине байланыштуу жабылмакчы.

Убактылуу иштебей турчу бөлүмдөрдүн тизмеси:

  • Бишкек шаардык бөлүмүнүн аймактар аралык сектору — Военно-Антоновка айылы, "Риом-авто" унаа базарынын аймагында жайгашкан;
  • Сокулук-Москва бөлүмү — Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү, 1;
  • Чүй-Кемин бөлүмү — Токмок шаары, 1-кичи району;
  • Талас аймактык бөлүмү — Талас шаары, Мадиев көчөсү, 2.

Ак-Ордо, Ак-Босогодо жана Аламүдүн-1 кичи районунда күндүзгү стационар ачылды

Буга чейин 6-июлдан тарта эпидемиологиялык абал начарлап кеткендиктен "Унаа" ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмү, Аламүдүн бөлүмү, Ысык-Ата, Нарын, Сүлүктү, Балыкчы, Каракол, Кочкор, Жумгал бөлүмдөрү карантинге жабылган.

Ишкана аймактык башка бөлүмдөрү штаттык режимде иштөөнү улантып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0