БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 314 кишинин коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
- Бишкек шаары – 161;
- Чүй облусу - 25;
- Ош шаары - 41;
- Ош облусу - 26;
- Жалал-Абад облусу - 15;
- Баткен облусу - 10;
- Ысык-Көл облусу - 21;
- Нарын облусу - 15.
Ушуну менен COVID аныкталган адамдардын жалпы саны 7 691ге жетти.
Азыр стационарда 625 киши дарыланууда, анын 22си реанимацияда жатат. 4 131 киши үй карантининде. 2 843 киши ооруканадан чыгарылса, март айынан бери 92 адам көз жумду.