БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Коронавируска каршы чыгарылган вакцина сайдырып, сыноого катышкан ыктыярчылардын абалы жакшы. Бул тууралуу Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту менен биргеликте аталган вакцинаны иштеп чыккан Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматта 18-июнда вакцинанын эки компонентин бир-бирден алгандардын эч кимиси саламаттыгына даттанбаганы жана эч кимден терс өзгөрүүлөр катталбаганы айтылат.
Ал эми 23-июнда вакцинанын биринчи компонентин сайдырган экинчи топтогулардын да абалы дурус. Эми аларга 21 күндөн кийин экинчи компоненти сайылышы керек.
Улуттук борбор: Россиянын вакцинасы коронавирустан эки жылга чейин коргойт
Эскерте кетсек, жаңы иштелип чыккан вакцинаны сыноо иштери эки жума мурун башталган. Аны июлдун акырында бүтүрүү күтүлүүдө.