Жыл башынан бери өлкөдө өндүрүлгөн эт, сүт жана жумуртка. Статистика

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүСүт. Архив
Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрү мурдагыдан көбүрөөк чыгарылган. Болгону жүн былтыркы жылдагы көрсөткүчкө 0,2 пайыз жетпей калды.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргызстанда жыл башынан бери мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрү канча өндүрүлгөнүн айтып берди.

Товарлардын түрлөрү:

Эт — бардык категориялардагы чарбаларда 149,8 миң тонна салмакта өндүрүлдү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 774 тонна же 0,5 пайызга көбөйдү дегенди түшүндүрөт. Өсүш Жалал-Абад (101,6 пайызга), Ысык-Көл (101,4), Чүй (101,2) жана Талас (100,3) облустарында болду. Ал эми Нарын облусунда 1,6 пайызга жана Баткен облусунда 0,8 пайызга азайган.

Эт продукциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ рыногуна кыргызстандык канча ишкана товар экспорттой алат. Тизме
Сүт — 2020-жылдын январь-май айына карата республика боюнча 571,9 миң тонна сүт алынды. Сүт дагы былтыркы жылга салыштырмалуу 2,3 пайызга көбүрөөк. Көлөмү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат.

Жумуртка — беш ай ичинде республикада 235 480 миң даана жумуртка өндүрүлдү же былтыркы жылга салыштырмалуу 3007 миң даанага же 1,3 пайызга көбүрөөк болду. Жумуртка өндүрүү, республиканын Ысык-Көл облусунан тышкары, бардык облустарда көбөйгөнү байкалат.

Жүн — 1-июнга карата республиканын бардык категориядагы чарбалык субъектилеринде 5 606 тонна жүн даярдалды. Былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көлөмдө 0,2 пайыз жетпей калган.

Мунун аркасы менен айыл чарба товарларын экспорттоо дагы өсүп жатканын байкаса болот. Тагыраагы, өткөн айда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев 2020-жылдын биринчи кварталында айыл чарба продукцияларынын экспорту 12 пайызга жогорулаганын айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0