Баштары жок. Ошто үй салган киши бир нече адамдын сөөгүн таап алды. Сүрөт

© Sputnik / Петрухин / Медиабанкка өтүүРаскопки на окраине Ростова-на-Дону
Раскопки на окраине Ростова-на-Дону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар билдиргендей, котловандан болжол менен алты кишинин сөөгү табылган. Жанында бут кийим жана башка кийимдеринин калдыгы бар экени айтылды.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ош шаарында турак жай салуу үчүн жер казып жаткан жаран бир нече кишинин сөөгүн таап алган. Ишенимдүү адамдардын айткан маалыматын шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков тастыктады.

Анын айтымында, окуя 14-июнь күнү шаардагы Южный кичи районунун Жамбыл көчөсүндө болгон. 

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарында турак жай салуу үчүн жер казып жаткан жаран бир нече кишинин сөөгүн таап алган
Баштары жок. Ошто үй салган киши бир нече адамдын сөөгүн таап алды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында турак жай салуу үчүн жер казып жаткан жаран бир нече кишинин сөөгүн таап алган
"Аталган көчөдө жергиликтүү тургун турак жай салуу үчүн котлован казуу иштерин жүргүзүп жаткан. Бул учурда ал жер алдынан адамдын сөөгүн таап алган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат", — деди Сыдыков.

Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар билдиргендей, котловандан болжол менен алты кишинин сөөгү табылган. Баарынын баштары жок экени айтылды. Сөөктөрдүн арасында маркумдардын кийимдери жана бут кийимдеринин калдыгы да кошо чыккан. Ал эми бир баштыкта адамдын колунун манжаларынын сөөктөрү да болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0