Бирөө өтпөй калды. Жээнбеков 16 сотту дайындады. Тизме

Жазылуу
Бекитилген 16 соттун ону аял,  алтоо эркек кишилер. Ал эми 17-судьянын талапкерлиги ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтар жана пикирлерден улам өтпөй калганы айтылды.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьялыгына 16 талапкерди дайындаган Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан  Жээнбековго 17 талапкерди судьялык кызмат орундарына дайындоо сунуштары келип түшкөн.

Алар Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна (14), Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Чүй облусунун, Бишкек шаарынын административдик сотторуна (2) жана Бишкек шаардык сотуна (1) сунушталгандар эле.

“6-июнда мамлекет башчы кээ бир талапкерлер менен маектешүү өткөрүп, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка 16 талапкер боюнча сунушка макулдук берген. Бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, кайра кайтарган”, — деп айтылат маалыматта. 

Жергиликтүү сотторго судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилгендердин тизмеси:

Бишкек шаардык сотуна:

  • Каримова Рахат Абдылдаевна.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна:

  • Барыктабасова Эльмира Бектургановна;
  • Жумабаева Жылдыз Кабыловна;
  • Жумадылов Сыргак Каныбекович;
  • Ибраева Чынара Назарбековна;
  • Кадыркулова Таалайкүл Калыкбековна;
  • Касымбеков Кубанычбек Калыбекович;
  • Осмонов Феликс Ой-Талбекович;
  • Рыспекова Аниса Рыспековна;
  • Сейдакматова Аида Асанбековна;
  • Сыдыгалиев Бактыбек Арленович.
  • Жоошбеков Алмазбек Нарынкулович;
  • Сыдыкова Жылдыз Акбаралиевна;
  • Темирбекова Аида Абдрахмановна.

Чүй облусунун административдик сотуна:

  • Ахметова Айнура.

Бишкек шаардык административдик сотуна:

  • Алымкулов Айдарбек Бекишович.
Жаңылыктар түрмөгү
0