АКШнын казыналык кагаздарынан дүйнөнүн башка борбордук банктары да арылып жатышат. Эмнеге трежерис рыногунан инвесторлор жаа бою качууда? Бул тууралуу биздин өнөктөш РИА Новости агенттигинин макаласынан окуңуздар.
Дээрлик калбай барат
АКШ Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Россиянын колунда калган америкалык облигациялардын 3,381 миллиард доллары узак мөөнөттүү кагаздарга, 473 миллион доллар кыска мөөнөттүү кагаздарга туура келет.
2010-2013-жылдары америкалык карызга болгон россиялык салымдар 170 миллиард доллардан ашкан. Москва трежеристин эң ири ээлеринин катарына кирет. Бирок 2014-жылдын апрелинде Вашингтон санкция киргизгенден бери бул баалуу кагаздардан арыла баштаган.
2018-жылы Борбордук банк сатууну кеңейтип, АКШнын казыналык милдеттенмелердин портфелин эки эсе кыскарткан. Эл аралык резервдерде америкалык баалуу кагаздардын үлүшү төмөнкү чекке жеткен. Борбордук банк андан алынган каражатты кайра алтынга, евро жана юанга салган.
Алтын боюнча дүйнөлүк кеңештин (WGC) эсеби боюнча, дүйнөдөгү борбордук банктардын балансындагы баалуу металлдын көлөмү былтыр 651 тоннага көбөйгөн. Бул 1971-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч, анткени ошол тушта Кошмо Штаттар алтын стандартынан баш тарткан. Баалуу металлды 2019-жылды эң көп сатып алган өлкө Россия болгон, мамлекеттик резервдин бардык сатып алууларынын 20 пайызын алтын түзгөн. Борбордук банк монетардык алтындын корун 150 тоннага көбөйтүп, 2270, 56 тоннага чейин жогорулаткан (73 миллион унция).
Көбүн сатып жиберишти
Америкалык карыздан Россия гана кутулуп жаткан жери жок. Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин статистикасына таянсак, март айында чет элдик – жеке жактар да, мамлекеттик да инвесторлордун оолакташы болуп көрбөгөндөй санда болгон. Бир ай ичинде трежеристин чет элдик ээлери аларды 256 миллиард долларга сатып жиберип, жалпы портфелди 6,81 триллион долларга кыскартышты.
Россия банкы да бюджеттин мунай-газ кирешесинин ылдыйлашын жана Urals белгиленген баасынын төмөндөшүн жайгаруу максатында март айынан бери Москва биржасында 6,6 миллиард доллар саткан. Статистикага көз салсак, биринчи кезекте Борбордук банк кыска мөөнөттүү америкалык облигациялардан арылган, аларга салымы 17 эседен да төмөндөгөн.
Эң көп саткандардын бири — Сауд Аравиясы. Бул королдук 25,3 миллиард долларга трежеристен кутулду. Бразилия жана Индияда мындай көрсөткүч азыраак, тактасак, 21,5 жана 21 миллиардды түздү.
Мындай жагдай Вашингтонго жакшылык алып келбейт, анткени АКШнын бир жарым триллиондук бюджеттик таңсыктыгы негизинен мамлекеттик облигацияларды сатуу менен толукталат. Америкалык карызды сатуу рекорддук деңгээлде жана күтүүсүз болгонун айтышат талдоочулар. Мурдагы каатчылыктарда, маселен, 2008-жылы трежериске болгон талап тескерисинче өсүп кетер эле.
"Америкалык бонддордо бир катар өлкөлөрдүн инвестициялары тоңдурулуп калган жагдайга (мүмкүн эместей, бирок болжолдуу сценарий боюнча дейли), ага ылайык резервдик валюта катары доллардын макамына урулчу катуу соккуга Россия Банкы даярбы? Албетте, даяр. Мындай учурда бирден-бир актив же карманар "тал" – алтын гана болот”, - деген пикирде "Альпарин" маалымат аналитикалык борборунун жетекчиси Александр Разуваев.
Ашыкча көлөм зыян тарттырбайбы?
Экономикага масштабдуу түрдө акча киргизүү америкалык валютага кандай таасир этери али күнчө түшүнүксүз. Федералдык резервдин антикризистик чаралары үчүн эч кандай камсыздалбаган долларларды басып чыгарып, эч кандай баалуу актив албастан, өз милдеттенмелерин гана жогорулатуу менен берип жатат. Федералдык резервдик системанын балансы 6,42 триллион долларга чейин өстү. Бул каатчылыкка чейинки америкалык ИДПнын дээрлик 30 пайызына барабар.
Ири банктардын эсеби боюнча, 2020-жылы АКШ бюджетинин таңсыктыгы төрт триллионго чейин жетет. Бул Экинчи дүйнөлүк согуш маалынан берки эң жогорку көлөмдөгү таңсыктык болуп саналат. Ал эми Федералдык резервдик системанын балансы коронавирус каатчылыгы аяктаганда он триллионду чапчыйт деп жоромолдоодо талдоочулар. Бул каражаттардын баары маңызында басуу станогунун ишинин жыйынтыгы (кесепети), инвесторлор эч кандай камсыздалбаган валютадан оолак болушат.