Бул күндү дүйнө калкы, өзгөчө мурдагы совет эли башкача бир сезим менен эстейт. Биз каарман аталарыбыздын, энелерибиздин эрдигин унутта калтырбайбыз. Согуштун тагы, өкүтү жүрөктүн бир бурчунда турганы турган. Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышкан.
Sputnik Кыргызстан бул улуу датанын алдында Кыргыз ССРинен бул апаатка аттанган жоокерлердин каттарын мамлекеттик архивден, эл арасынан чогултуп жарыялап баштады.
Төмөндө окурмандарга ошол кездеги дагы башка бир жоокер, 19 жаштагы улан Курманбек Казакбаевдин сагынычтуу катын сунуштайбыз. Эскерте кетчү жагдай, каттардын орфографиясы сакталды.
Курманбектин биринчи каты
"Амандык кат!
Ардактуу Акталаанын атыр жыт салкын авасында жашап турчу Атам, Апама Салам.
Ардактуу таякем, таяжеңеме жана инилерим Дайырбек, Шүкүрбек, Сагынбек, жеендерим: Карыбек Тилекбюбю ж.б.
Баарыңар жалпы жакшы аман-есен саламатта жатасыңарбы, дениңер сакпы.
Эми мен болсом деним сак. Украинск фронтунда жүрөм. Март айынын 8инде уруш майданга кирдик. Анан марттын 18инде раний болдум, оң бутумдан. Кайра ... айынын 25инде фронтко кеттим. Мен ушул катты Польша жеринде жүрүп жаздым. Эч кандай капа болбогула. Деним сак болсом барармын. 2-курдай фронтко кеттим.
Курманбек, 10-июнь, 1944-жыл".
PS: Бул саламын жоокер кагаздын тартыштыгынан товарларды жеткирүүдө кошо жазып берилген (товарная накладная) кагазга жазыптыр... Үч бүктөлгөн каттан ошол мезгилдин каары, кыйынчылыгы, азабы кадимкидей сезилет. Кыйын учурлар, тамак-аш эле өп-чап эмес, жазганга кагаз тартыш болгондугу элестейт. Ок жааган майдан талаада ушул кагазды таап алып, балким, траншеянын бир бурчунда, балким, окопто, балким, түндүн бир оокумунда майдандаштары уктап жатканда жазгандыр. Алгач сыя менен баштап, анан карандаш менен улантыптыр. Демек, баары өп-чап, баары чакталуу болгон. Жоокерлердин өмүрү, жашоо сааты да ченелүү болгон. Жүрөк ооруйт... Бул каттын ээси жапжаш улан, 19 жаштагы Курманбек Казакбаев ошол атың өчкүр согуштан кайтпай калган...
Экинчи кат
(Каттын баш жагы эскирип, сары тактар басып кеткендиктен тамгалар окулбай калыптыр...)
... жеендерим. Дайырбек, Тилекбюбю ...Сууракан, Суурабюбю
Акем... Жаркынбай, ежем Үмүтай, инилерим Кадырбек .... Жеңелерим баарыңар жалпы жайык аман есен саламаттасыңарбы? Турмушуңар жакшыбы. Таяке оорубай тынч кеттиңби? Дениң сак-саламатта турасыңбы? Апам Атам күүлүү-күчтүү турушабы? Кудалар баары саламатта жатышабы? Шүкүрбек атаңан кат келип жатабы? Эмне кызматта иштеп жатыптыр?
I-фронтто 11 күн бою жалаң кызыл чокто болдум. Далай адамдар өлдү. Жанында фронт...
PS: Калган бир-эки сөз үч бурчтук болуп бүктөлгөн каттын чекесине жазылгандыктан окулбай калыптыр. Жоокердин кагаздын ар бир сантиметрин үнөмдөп, бапестеп пайдалангандыгын көрүүгө болот.
Катка дата коюлган эмес.
Жоокер жөнүндө маалымат: 1925-жылы ал кездеги Тянь-Шань облусундагы Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Согуш жылдарында комсомолчу Жаңы-Талап селолук советинин катчысы жана мектепте мугалим да болгон. 18 жашка толор замат аскерге кетет. 1943-1945-жылдары 1-Украина жана 4-Украина фронтторунда согушат, фашисттердин Крым тобун талкалоого, Крымды бошотууга катышкан. Винниск шаарын бошотуу үчүн болгон чабуулда жарадар болуп, госпиталга түшөт. Бирок жараты айыгары менен кайрадан фронтко кетип, 1945-жылы кышында Польша жеринде баатырларча курман болот.
Фронттон жазылган каттарды жарыялайбыз, бизге жибергиле
Sputnik Кыргызстан агенттиги Кыргызстандын булуң-бурчуна ошол кезде фронттон жазылган каттар сакталып калса, алардын көчүрмөсүн редакцияга жиберишиңиздерди өтүнөт. Ошол мезгилдин добушун азыркыларга жеткирип, жарыялайбыз. Кат менен кошо ал адам туурасында маалымат тиркелиши керек. Сүрөтү болсо ашыктык кылбайт. Электрондук дарек: news@sputnik.kg, тел.: +996 (312) 986 933, 986 943
Жоокердин каттары КРдин Мамлекеттик архивинен алынды.