00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Участие и роль ЕАБР в развитии Евразийского региона
08:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Айыл чарба тармагында бул жылы аткарылган ат көтөргүс иштер
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
От импорта к производству: как меняется мукомольная отрасль Кыргызстана
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын билим берүү: система жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселелери
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Парламентте гендердик квотаны 50 пайызга жеткириш керекпи? Серепчи менен маек
13:05
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Таланттуу опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова көз жумду. Некролог

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин опера жана балет театрын залы. Архив
Бишкектин опера жана балет театрын залы. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сагибжамал Ходжибекованын жаркын элеси замандаштарынын жана музыка күйөрмандарынын эсинде түбөлүккө сакталат.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кечээ, 5-майда, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын таланттуу опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлап, ага жазылган некрологду жарыялады.

© Фото / Пресс-служба МКИТ КРАбдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын таланттуу опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова
Таланттуу опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова көз жумду. Некролог - Sputnik Кыргызстан
Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын таланттуу опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова

Маалыматка ылайык, опера ырчысы 68 жашында көз жумган.

"Сагибжамал Ходжибекованын ысымы кыргыз опера ырчыларынын арасында жогорку кадыр-баркка ээ болуп, эл сүймөнчүлүгүнө арзыган", — деп айтылат билдирүүдө.

Сагибжамал Ходжибекова 1952-жылы 29-февралда туулган. 1980-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктап, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисти болуп иштеп баштаган.

Ал мыкты опера ырчысы гана болбостон, образ жаратуу жагында өзүн мыкты көрсөтө алган. Ходжибекова чыгармачылыгында чоң "партияларды" гана аткарбастан, мыкты роль жаратып, ар бир чыгармада таанылгыс болуп өзгөчөлөнгөн.

Поэт, журналист Зайырбек Ажыматов - Sputnik Кыргызстан
Кылдат лирик, ойчул, терең акын эле... Зайырбек Ажыматовго жазылган некролог
Чыгармачылык жолунда ал "Саманчынын жолунда" Толгонайдын, "Русалкада" Наташанын, "Манаста" Каныкейдин, "Паяцыда" Недданын, "Тоскада" Тосканын, "Евгений Онегинде" Ларинанын, "Севилдик чач-тарачта" Бертанын, "Курманбекте" Канышайдын, жана "Аршин мал ланда" Веллинин ролун жогорку чеберчиликте аткарган.

Таланттуу ырчы 40 жылдан ашык өмүрүн чыгармачылыкка арнап, улуттук опера искусствосунун өсүп-өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошту.

Сагибжамал Ходжибекованын жаркын элеси замандаштарынын жана музыка күйөрмандарынын эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун өмүрлүк жары КР Эл артисти Керим Орузбаевге жана уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0