Кылдат лирик, ойчул, терең акын эле... Зайырбек Ажыматовго жазылган некролог

© SputnikПоэт, журналист Зайырбек Ажыматов
Поэт, журналист Зайырбек Ажыматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Некрологдо чебер калемгер, чыгаан акын, публицист Зайырбек Ажыматовдун жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталары айтылат.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана журналист Зайырбек Ажыматов 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу өкмөт тараткан некрологдо айтылат.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган.

1993-жылы айылдык орто мектепти аяктаган соң Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетине тапшырып, аны 1998-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Ал журналистик эмгек жолун 1998-жылы “Асаба” гезитинен баштап, “Кыргыз Туусу”, “Бишкек таймс”, “Жаңы Агым” гезиттеринде, КТРКнын радио берүүлөрүндө, “Азаттык” радиосунда эмгектенди. Республикалык массалык маалымат каражаттарында өзүнүн мыкты публицистикалык макалалары менен кеңири таанылып, өлкөнүн коомдук-социалдык турмушун чагылдырган орчундуу маселелерди көтөрүп чыкты.

Акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зайырбек Ажыматовдун сөөгү качан кайда коюлары айтылды
Зайырбек Ажыматов чыгаан журналист катары өзгөчө улуттук маданиятыбыздын, руханий турмушубуздун бир топ маселелерин терең чагылдыруу менен атпай журтка ысымы кеңири таанылды. Ошону менен бирге өлкөнүн окурман журтчулугуна таланттуу акын катары таанылып, эл сүймөнчүлүгүнө арзып, мыкты чыгармаларды жаратты.

Акындын калеминен “Жалгыздык” (1996-ж), “Мелмил” (2005-ж), “Нөлү көп жылдар” (2011-ж), “Жүрөктөгү бороон” (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Бир нече ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында белгилүү болуп ырдалып калды.

Зайырбек Ажыматовдун чыгармачылыгында Ата мекенди сүйүү, мекенчилдик дух, жарандык бийик сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт. Ал кылдат лирик, ойчул, терең акын. Айрыкча анын атуулдук бийик парасаттуу ырлары акындык чеберчилигинин жетишкендиги катары бааланып, улуттук кыргыз поэзиясын жаңы көз караш, жаңы дүйнө тааным менен байытты.

Анын адабий чыгармачыл ишмердүүлүгү жогору бааланып, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Басма сөз сыйлыгынын лауреаты болгон.

Зайырбек Ажыматовго кыргыз маданиятына кошкон баарандуу салымы үчүн 2019-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери ардактуу наамы ыйгарылган.

Чебер калемгер, чыгаан акын, публицист Зайырбек Ажыматовдун жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат. Маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Некрологго Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана маданият ишмерлери кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0