https://sputnik.kg/20200414/rossiyada-covid-19du-daryloochu-dary-chygaryldy-1047855019.html
Россияда COVID-19ду дарылоочу жаңы дары чыгарылды
Россияда COVID-19ду дарылоочу жаңы дары чыгарылды
Sputnik Кыргызстан
Россиялык компания жаңы дары иштеп чыгып, аны башка мамлекеттерде дагы тесттен өткөрүп көрүштү. Азыр биринчи партиясын чыгарып, клиникалык сыноого кам... 14.04.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-04-14T10:41+0600
2020-04-14T10:41+0600
2021-12-16T22:22+0600
https://sputnik.kg/img/104781/82/1047818252_0:265:3064:1997_1920x0_80_0_0_e6a9d1a119e6e83bb4aa95e0b27df304.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104781/82/1047818252_0:122:3064:2048_1920x0_80_0_0_ffea78351b47e7c81652c62bb764a84c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, дүйнөгө жайылган коронавирус , россия
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, дүйнөгө жайылган коронавирус , россия
Россияда COVID-19ду дарылоочу жаңы дары чыгарылды
10:41 14.04.2020 (Жаңыртылды: 22:22 16.12.2021) Россиялык компания жаңы дары иштеп чыгып, аны башка мамлекеттерде дагы тесттен өткөрүп көрүштү. Азыр биринчи партиясын чыгарып, клиникалык сыноого кам көрүлүүдө.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россиялык компания COVID-19ду дарылоочу каражат иштеп чыкты. Ал 10-12 күндөн кийин клиникалык сыноодон өткөрүлө баштаарын Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко президент Владимир Путин менен жолукканда айтканы Кремлдин сайтында жазылды.
"Россиялык компания жаңы дары иштеп чыгып, аны башка мамлекеттердеги кесиптештер тесттен өткөрүп көрүштү. Азыр биринчи партиясын чыгарып, клиникалык сыноого кам көрүп жатабыз. Учурда документтери даярдалууда. Бул илдетти дарылоонун жыйынтыгын бир топ жакшыртат”, — деди Мурашко.
Буга чейин Россияда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн иштелип чыккан "Мефлохин", "Гидроксихлорин" жана "Колидавир" препараттарына клиникалык изилдөө жүргүзүлө
башталганы айтылган.
Препараттарды тестирлөө иши А.И.Бурназян атындагы федералдык медициналык биофизикалык борборунда жасалмак. Дары коронавирус менен ооруп жаткан бейтаптарга алардын кат жүзүндө берген уруксаты менен колдонулат.
Акыркы маалыматтарга караганда, Россияда вирус жуктуруп алгандардын саны 18 328ге жетти. 1 500 адам сакайып, 148 киши көз жумду.