https://sputnik.kg/20200409/koronavirus-okumushtuu-basandatuu-preparat-1047786234.html
Окумуштуулар: коронавирусту 48 сааттын ичинде басаңдата турган препарат табылды
Окумуштуулар: коронавирусту 48 сааттын ичинде басаңдата турган препарат табылды
Sputnik Кыргызстан
Адистердин айтымында, препарат коронавирустун кесепетинен улам ооруларды өтүштүрүп жибербегенге жана аны алдын алууга көмөктөшө алат. 09.04.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-04-09T12:34+0600
2020-04-09T12:34+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103988/46/1039884685_0:200:2579:1658_1920x0_80_0_0_4fad6ebc20d515d9a5b83d97744a6bfc.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103988/46/1039884685_0:105:2579:1727_1920x0_80_0_0_ed75b6efba0e3410b8d4dbb60f8d9f52.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөгө жайылган коронавирус , жаңылыктар, коом, дүйнөдө
дүйнөгө жайылган коронавирус , жаңылыктар, коом, дүйнөдө
Окумуштуулар: коронавирусту 48 сааттын ичинде басаңдата турган препарат табылды
12:34 09.04.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Адистердин айтымында, препарат коронавирустун кесепетинен улам ооруларды өтүштүрүп жибербегенге жана аны алдын алууга көмөктөшө алат.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Австралиялык окумуштуулар коронавирусту 48 сааттын ичинде басаңдата турган препаратты аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы Antiviral Research аталышындагы илимий журналга жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кеп Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган ивермектин аттуу антипаразиттик дары тууралуу болуп жатат.
Монаша университети менен Королдук госпиталдын окумуштуулары лабораториялык шартта аталган препараттын таасирин анализдеп чыгышкан. Адистер коронавирус жуктурганына эки саат болгон клеткага ивермек кошуп көрүшкөн. Дарынын бир дозасынан соң 24 сааттан кийин вирустун рибонуклеиндик кислотатасы (РНК) 93 пайызга, эки күндөн кийин 99 пайызга азайган.
Окумуштуулар алардын иши коронавирусту айыктырууда дары каражаттарын изилдөөгө жол ачарына ниеттенип жатканын билдиришкен. Алардын айтымында, ивермектинди азыртадан баштап колдонуу вирустук чыңалууну азайтканга, анын кесепетинен ооруларды өтүштүрүп жибербегенге жана коронавирусту алдын алууга көмөктөшө алат.