БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бүгүн жаңы катталган 42 учурдун ичинен 13ү медицина кызматкерлери болуп чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда айтып, алар кайсы жактарда иштерин санап берди.
- Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык станциясынан — бир кызматкер;
- Ош шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынан — төрт дарыгер, төрт медициналык кызматкер;
- “Азия кардио” борборунан — бир дарыгер, бир медайым;
- Ош облустук бириккен ооруканасында бир кенже медициналык кызматкер.
Буга чейин вирусту 19 медик жуктуруп алганы айтылган.
COVID-19 вирусуна кабылган медиктерди аймактарга бөлө турган болсок, басымдуу бөлүгү өлкөнүн түштүгүндө. Тагыраалы, Ош облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 7, Бишкекте – 4 жана Баткен облусунда – 1.
Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.