ЖМК: Надежда Бабкина пневмониядан улам комага түшүп калды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүРоссия эл артисти Надежда Бабкина
Россия эл артисти Надежда Бабкина  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда COVID-19 инфекциясын жуктурган 6343 учур катталып, алардын ичинен 47 бейтап каза болуп, 406 адам сакайып кетти.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Белгилүү ырчы Надежда Бабкина пневмониядан улам комада экендигин "Московский комсомолец" жазып чыкты.

Вакцинация от гриппа в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар кургак учукка каршы вакцинанын коронавируска таасирин иликтешти
Бабкинага карата жасалган тестте коронавирус жок экендиги тастыкталганы менен анын клиникалык абалы COVID-19 инфекциясына окшош болуп чыккан. Мындай аныктаманы "МК" басылмасына россиялык саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү булактар билдирген. Ырчыдан жалпы эки тараптуу пневмония дарты аныкталып, ал 1-апрелде токтоосуз ооруканага жаткырылган.

Дарыгерлер Бабкинанын абалы оор, бирок туруктуулук сакталып, оң жакка жылыш бар экенин айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0