Өлкө экономикасы коронавирус эпидемиясынан кийин калыбына келе баштады, демек, нефтиге болгон суроо-талап да жанданды. Россиялык өндүрүшчүлөр үчүн бул мунайдын баасы боюнча жүрүп жаткан согушта маанилүү фактор болуп калышы толук ыктымал. Макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Кытай бутуна турууда
Пандемияны ооздуктап Пекин экономиканы колдоо боюнча бир катар чараларды көрүүдө — салыкты, насыя боюнча үстөк пайыздарды азайтты. Кытайдын Элдик банкы рынокторго 1,2 триллион юань (170 миллиард доллардан ашуун) өлчөмүндө каражат берсе, Финансы министрлиги жергиликтүү бийлик органдарына инфраструктуралык долбоорлор үчүн максаттуу облигацияларды чыгарууга уруксат берди.
Өндүрүштө индекс дээрлик эки эсеге — 27,8ден 54,1ге өстү. Экспорттук заказ багытында 27,7ден 46,4кө чейин жогорулап, импорттун кыскарышы токтоду — индекс 31,9дан 48,4кө чейин көтөрүлдү.
Биринчи кезекте энергиянын импорту өстү, анткени иши жанданып жаткан ишканаларга электр кубаты жана сырьё менен даяр продукцияны ташуу үчүн күйүүчү май зарыл. Анын үстүнө бюджеттик чыгымды оптимизациялоонун алкагында Пекин күн жана шамал электрстанциялары үчүн субсидияларды жоюуга белсенип турат.
Кытай бийлиги күйүүчү майга болгон суроо талаптын калыбына келип жаткан учурунан пайдаланып, Вашингтон менен жаңы соода келишимин сактоого даяр экенин көрсөттү. КЭР ал жактан суюлтулган газ ала турганын жар салды. Бирок күйүүчү майдын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле Россиядан ташылмакчы. Апрелде россиялык компаниялар Кытайга февралга (540 миң тонна) караганда эки эсе көп — миллион тонна сырьё жөнөтмөкчү.
Ушинтип жеңебиз
Жогоруда айтылгандын баары дүйнөлүк нефть рыногунда пикирлери келишпей турган Россия, Сауд Аравиясы жана АКШнын карама-каршылыгында маанилүү роль ойночудай. Эскерте кетсек, 1-апрелден тарта ОПЕК+ уюмунун ишмердүүлүгү токтоду, эми ар бир мамлекет нефть казуунун көлөмү менен экспорт маселесин өз алдынча чечмекчи.
Сауд Аравиясы дүйнө рыногундагы үлүшүн көбөйтүү үчүн ачык эле демпингге, башкача айтканда, товарын арзан баада сатууга өттү. Эр-Рияд апрелде экспорттун көлөмүн суткасына 12,3 миллион баррелге чейин көбөйтө турганын жар салып, Европага Brent үлгүсүндөгү нефтинин баасына караганда 10,25 долларга арзан нарк сунуштады да мунайдын баасын кескин ылдыйлатып жебирди.
“Энергетика министрлиги Saudi Aramco улуттук нефть компаниясына суткасына 12,3 миллион баррель казууга тапшырма берди. Бул бир нече айга чейин созулат”, — дешти Сауд Аравия өкмөтүнөн.
Натыйжада 30-март күнү Brent нефтисинин баррели 22,58 долларга бааланып, 18 жыл ичинде болуп көрбөгөндөй түштү.
Буга коронавирус эпидемиясы да себепчи болду, анткени суроо-талап кескин азайып, кампаларда нефть азыр толтура. Сатып алган күндө да аны сактоочу жай жок. Анын үстүнө айрым америкалык компаниялар сырьёсун терс баа менен сата баштады. Алсак, Mercuria прайс-баракчасында битум чыгарууда колдонулчу Wyoming Asphalt Sour сортунун баррелин минус 0,49 долларга баалады.
Нефтетрейдерлер терс зонага заводдордон жана магистралдык түтүктөрдөн алыс жайгашкан кенде казылуучу сырьёнун баары кетет деген пикирде.
Түзүлгөн кырдаалда мунай согушунда сатуу рыногу чакан мамлекеттер утушка ээ болот. Россия нефть жаатында Кытайдын башкы камсыздоочусу катары позициясын жакшыртып, атаандаштарга талап коё алгыдай абалга жетти.