БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жакынкы бир саатта жана күздүз Бишкек менен Чүй өрөөнүндө катуу шамал болору күтүлүүдө. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология агенттиги батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жете турганын кабарлаган.
Мындан улам жарандарды сак болууга эскертүү берилди.