БИШКЕК, 31 мар — Sputnik. COVID-19 вирусу аба аркылуу жукпайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өзүнүн Twitter баракчасына жазды.
FACT: #COVID19 is NOT airborne.
— World Health Organization (WHO) (@WHO) March 28, 2020
The #coronavirus is mainly transmitted through droplets generated when an infected person coughs, sneezes or speaks.
To protect yourself:
-keep 1m distance from others
-disinfect surfaces frequently
-wash/rub your 👐
-avoid touching your 👀👃👄 pic.twitter.com/fpkcpHAJx7
Аталган уюм билдиргендей, ооруган адам жөтөлүп, чүчкүрүп же сүйлөгөндө тамчы пайда болуп, ал аркылуу вирус башка адамга жугат. Тамчы түрүндөгү кабыгы жок вирус абада жашай албайт.
"Эгер сиз ооруган адам менен бир метр аралыкты сактабасаңыз, аны менен учурашып же бир жерине тийип, андан соң кол жуубай бетиңизди кармасаңыз COVID-19 вирусун оңой эле жуктуруп аласыз", — деп түшүндүргөн уюм.
ДССУ инфекцияны жуктуруп албоо үчүн аралыкты сактап, жеке гигиенаны таза кармоо зарылдыгын белгиледи.