БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Россиянын Медицина-биологиялык федералдык агенттигинин COVID-19 инфекциясына каршы чыгарып жаткан вакцинасы биринчи фазадан өттү. Бул тууралуу "Известия" басылмасы аталган агенттиктин жетекчиси Вероника Скворцовага таянуу менен жазды.
Маалыматка караганда, дарыны бардык сыноолордон өткөрүү иштери июнь айына чейин созулат. Ал эми колдонууга чыгаруу үчүн 11 ай убакыт талап кылынат.
"Биздин кийинки кадамыбыз вакцинаны иштеп чыгууга жумшалат. Учурда биз анын биринчи фазасын жасап бүттүк", — деди Скворцова.
Ошондой эле ал вируска каршы вакцина чыгаруу үчүн агенттиктин эки борбору тынымсыз эмгектенип жатканын белгилеген. Болушунча эртерээк колдонууга чыгаруу үчүн кызматкерлер үч график менен алмашып иштеп жатат.
Белгилей кетсек, учурда дүйнөгө жайылып жаткан коронавирусту оздуктай ала турчу вакцинаны бир дагы мамлекеттин окумуштуулары чыгара элек.
Соңку статистика боюнча дүйнө жүзүндө COVID-19 инфекциясына 252 миң адам кабылып, анын 100 миңден ашууну айыкты. Тилекке каршы, 15 миңден ашык адам көз жумду. Вирус ааламдын 200дөй өлкөсүнө жайылган.