00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кошунаны атайын формачан медиктер алып кетсе эмне кылуу керек? Түшүндүрмө

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТез жардамдын кызматкерлери коопсуз костюмчан ооруканада. Архив
Тез жардамдын кызматкерлери коопсуз костюмчан ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде "кошунам коронавирус жуктуруптур, Тез жардам алып кетти" деген маанидеги билдирүүлөр абдан көп. Далил катары колдонуучулар формачан медиктердин сүрөт жана видеолорун жүктөп жатышат.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кошунаны атайын формачан жана милициянын коштоосунда келген медиктер көрүп же алып кетсе паникага алдырып, тартып алган сүрөттөрдү социалдык тармактарга таратуунун зарылдыгы жок. Себебин саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков түшүндүрүп берди.

Айта кетсек, учурда социалдык тармактарда жана мессенджерлерде "кошунам коронавирус жуктуруптур, Тез жардам алып кетти" деген маанидеги билдирүүлөр абдан көп. Далил катары колдонуучулар формачан медиктердин сүрөт жана видеолорун жүктөп жатышат. Мунун аркасы менен коомдо паникага алдыргандар дагы бар.

Sputnik агенттиги атайын формачан медиктер, айрым учурда милициянын коштоосунда ар кайсы үйлөргө барып жатканынын себебин окурмандарга түшүндүрүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине кайрылды.

Сезонный рост заболеваемости гриппом и ОРВИ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кийимди алмаштыр, бетти кармалаба. Коронавирустан сактануу жолдору
Эске салсак, 17-март күнү коронавирус кооптуулугу жагынан өлкөлөр мурдагыдай үч эмес, эки гана категорияга бөлүү чечими кабыл алынган. Биринчисине вирус жуктургандардын саны миңден ашкан Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, АКШ, Германия, Щвейцария сыяктуу 20га чукул өлкө кирет. Булардан келгендер медициналык жайда карантин өтүшөт. Ал эми экинчи топко кирген калган өлкөлөрдөн келгендер үй карантинине алынат.

Министрдин орун басарынын айтымында, атайын формачандар дал ушул үй карантининде жаткандардын абалын көрүүгө барып, кандайдыр бир белгилер болсо ооруканадан анализ алуу үчүн алып кетип жатышат.

Мындан тышкары, Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учурлар катталган соң абал бир аз өзгөрдү.

"Мисалы, кечээ өлкө боюнча Сауд Аравиясынан вирус жуктуруп келгендер менен чогуу бир учакта болгон, аларды тосуп алган, үйүнө конокко барган, байланышта болгон адамдар изделди. Аларга дагы атайын формачан медиктер барды. Бирок ал адамдын баары оору жуктуруп алды деп айта албайбыз. Болгону шектенүүлөрдү жокко чыгаруу үчүн байкоого алып кетип жатабыз", — деди Исаков.

Анын айтымында, учурда медиктер коронавируска тиешелүү бардык текшерүүлөргө, чакырууларга атайын форма кийип барууда, бул медиктердин коопсуздугу үчүн жасалган аракеттер.

Ошондой эле эмне себептен айрым учурда Тез жардам кызматын милиционерлер коштоп жүрөрүн түшүндүрдү.

"Эл болгондон кийин арасында ар кандай адамдар болот экен. Көп эмес, бирок айрым кишилер карантинден кадимкидей качып, каршылык көрсөткөн учурлар болууда. Мындайда милициянын жамдамына муктаж болуп жатабыз", — деди орун басар.

Мындан улам министрликтин өкүлү бардык жасалып жаткан аракеттер ооруну өлкө боюнча таратып ийбөө максатында экенин айтып, элди абалды туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Ошондой эле көргөн нерсенин баарын интертетке таратып, элди дүрбөлөңгө салбоого үндөдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты коронавирус менен күрөшүүгө 1 млн. сом берерин айтты
Баса, бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча комитет коронавируска байланыштуу жалган маалымат, ушак тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Буга чейин ИИМ коронавирус жугузуп алды деп жалган кабар тараткан бир катар адамдарды суракка алган эле.

Эске салсак, Кыргызстанда кечээ, 18-мартта, коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Сузак районуна болсо өзгөчө кырдаал киргизилген.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан биле аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0