Карантиндин бала бакчага эмнеге тиешеси жоктугун вице-премьер түшүндүрүп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер-министр КР Алтынай Омурбекова
Вице-премьер-министр КР Алтынай Омурбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрбекованын айтымында, ата-энелерде окуу жайлар менен мектептер карантинге жабылып жатса, бала бакчалар иштей береби деген суроо туулган.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ата-энелер жумушун таштап, үйдө балдарын карап отура албаганы үчүн бала бакчалар карантинге жабылбайт. Бул туурасында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Facebook баракчасына жазды. 

"Урматтуу достор, мектептерде эрте каникул берилгендиктен, бул нерсе эмне себептен бала бакчаларга тийиштүү эмес деп сурагандар болууда. Эгер баланы мындай мезгилде бала бакчага жибербей турууну туура көрсөңүздөр, ал өзүңүздөрдүн ишиңиздер. Бирок ишин таштап, үйдө бала карап отура албаган ата-энелер бар. Баланы жиберүү же баргызбай коюу — сиздин чечимиңиз! Көңүлдүү эс алуу каалайм, бардыгы жакшы болот", — деген Өмүрбекова.

Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус коркунучунан улам окуу жайлар менен мектептерди үч жумага карантинге жабуу чечими кабыл алынган.

Ал эми өкмөт бала бакчалар өз тартибинде иштей берерин билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0