https://sputnik.kg/20200312/tizelep-oturuu-pajdaluu-okumushtuu-1047349353.html
Чөк түшүп отуруу ден соолукка пайдалуу. Окумуштуулардын иликтөөсү
Чөк түшүп отуруу ден соолукка пайдалуу. Окумуштуулардын иликтөөсү
Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар иликтөө үчүн Африкадагы хадза уруусундагылардын жашоосуна байкоо жүргүзүшкөн. Аларда жүрөк-кан тамыр оорулары жана зат алмашуудагы көйгөйлөр... 12.03.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-03-12T09:05+0600
2020-03-12T09:05+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104734/92/1047349295_0:310:3072:2048_1920x0_80_0_0_7be6ad0054a2d8a521579ad75a2dcab2.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104734/92/1047349295_0:118:3072:2048_1920x0_80_0_0_bd4a57eab3147e80214361ccc1436cba.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан
жаңылыктар, коом, кыргызстан
Чөк түшүп отуруу ден соолукка пайдалуу. Окумуштуулардын иликтөөсү
09:05 12.03.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Окумуштуулар иликтөө үчүн Африкадагы хадза уруусундагылардын жашоосуна байкоо жүргүзүшкөн. Аларда жүрөк-кан тамыр оорулары жана зат алмашуудагы көйгөйлөр азыраак байкалган.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар чөк түшүп же тизелеп отуруу ден соолукка бир топ пайдалуу экендигин билдиришти. Иликтөөнүн жыйынтыгы Proceedings of the National Academy of Sciences журналына жарыяланды.
Адистер мындай тыянакка Африкадагы хадза уруусундагы мергенчи-жыйноочулардын жашоосуна байкоо жүргүзгөндөн кийин келген. Алардын турмуштук образы илгерки адамдардын жашоосун эске салары айтылат.
4 Жалган Куран 2020, 08:33
Иликтөө учурунда ыктыярчылар кыймыл-аракетин жана эс алуусун ченеген атайын каражатты тагып жүрүшкөн. Натыйжада хадза уруусундагылар өнүккөн мамлекеттердин жашоочулары сыяктуу эле 9-10 саат отуруп убакыт өткөрөрү аныкталган. Бирок аларда мындай жашоо образынан улам ар кандай өнөкөт оорулардын белгилери байкалган эмес. Бул хадза уруусундагылардын тизелеп отура тургандыгы менен байланыштуу болгон. Чөк түшүп отурганда булчуңдар көбүрөөк кыймылга келип, кан жүгүрүп турары белгиленет. Ошондой эле аталган уруунун адамдарында жүрөк-кан тамыр оорулары жана зат алмашуудагы көйгөйлөр азыраак байкалгандыгы айтылат.
Иликтөөнүн авторлору ири шаарлардын жашоочуларын тизелеп отуруп иштөөгө же эс алууга чакырган эмес, бирок илдетти алдын алуу үчүн кыймылдап, көнүгүүлөрдү жасап турууну сунушташкан.