00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Климт, Кокошка и Шиле – великое трио мирового искусства
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Кыз бала үчүн... Спортто да гендердик стереотиптер барбы?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө аялдар акысыз медициналык кароодон өттү — алардан кандай оорулар аныкталды?
17:31
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Великие утраты: Мамбет Мамакеев и Эрнст Акрамов, снос "хрущёвок" и Как защитить медиков и навести порядок с электросамокатами?
18:14
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асылбаева: ар бир бала келечекте ийгиликтүү инсан боло алат

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Данакер" үй-бүлөлүк борборунун психологу Перизат Асылбаева
Данакер үй-бүлөлүк борборунун психологу Перизат Асылбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Данакер" үй-бүлөлүк борборунун психологу Перизат Асылбаева баланын өзүн-өзү баалоосу түйүлдүк кезинен башталып, бир жашына чейинки аралыкта калыптанарын айтты.
Асылбаева: ар бир бала келечекте ийгиликтүү инсан боло алат

Балага түйүлдүк кезинен тарта сый, урмат менен мамиле кылып башташ керек. Мунун биринчи кадамы катары ата-эне балалуу болууга олуттуу даярданып, наристенин психологиясы, анын өнүгүүсү тууралуу маалыматтарды топтоп, камынышы зарыл. Бул тууралуу Перизат Асылбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чүрпө дүйнө жана башка адамдар тууралуу маалыматты ата-энесинин мамилеси аркылуу кабыл алат.

"Бала түйүлдүк кезинен баштап бир жашка чейинки аралыкта өзүн-өзү баалоосунун базалык бөлүгү калыптанат. Жашоодогу өзүнө болгон кийинки мамилеси да ушул базадан көз каранды. Андыктан кош бойлуу аял менен түйүлдүк эмоционалдык жактан абдан чиеленишкен байланышта болот. Эне ыйлабай, капаланбай жүрүп төрөсө бала да тынч уйкулуу, дени сак төрөлөт. Наристеге түйүлдүк кезинен тартып эле атасы менен болгон байланыш абдан маанилүү. Ал мунун баарын энеси аркылуу алат. Андыктан аял кош бойлуу кезинде күйөөсү ага кам көрүп, көбүрөөк жанында болгону жакшы. Керек болсо эркек жыты аркылуу курсактагы баласына оң таасир тийгизет. Мунун баары баланын келечекте ийгиликтүү инсан болуп калыптанышын шарттайт", — деди Асылбаева.

Психолог балага түйүлдүк кезинен тарта эле мээримден сырткары коопсуздугун коргоп мамиле жасаса ачык-айрым, оюндагысын жашырбай айта алган бала болуп төрөлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0