00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кутула тажагансыбай, жылуу сөздү көбүрөөк айтыңыз. Белек берүү этикети

© AP Photo / Antonio Pullano/InvisionБири бирин кучактаган кишилер. Архив
Бири бирин кучактаган кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Психологдордун айтымында, адамдардын көпчүлүгү белек алгандан көрө бергенди жакшы көрөт. Чындап эле жакын адамыңдын кубанычы, ыраазычылыгы ырахат тартуулабай койбойт.

Пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Бирөөнүн телефонун шыкаалаба! Кезек күтүү этикети
Негизи белек эки түргө бөлүнөт. Биринчиси — символикалык, экинчиси — сүйүүнүн белгиси катары берилет. Мисалы, биринчи түрүн бири-бирине достор, кесиптештер тартуулашат. Адатта мындай учурда открытка, таттуу, бир тал гүл сыяктуу нерселер колдонулат. Ал эми ата-эне менен бала, жубайлар, бир туугандар, кыз-жигит бири-биринин көңүлүн алып, сүйүүсүн билдирүү ошол жакыны үчүн баалуу нерсе издешет.

Негизи белек берүүнүн өз маданияты, жазылбаган эрежелери болот. Ал тууралуу этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Белектин баасы роль ойнойбу?

Албетте бул суроого так кесе жооп табуу кыйын. Анткени адамдардын күлк-мүнөзү, баалуулуктары ар кандай болот. Мисалы, айрымдар кымбат баалуу нерселерге маани берсе, башкалар, тескерисинче, колдо бар нерселерден чогултулган болсо дагы убакыт жана кол эмгек жумшалган майда-чүйдөнү бийик көрөт.

Көңүл буруу

Кээде белектин өзү бир тең, аны берүү жол-жобосу бир тең болуп кетет. Дегеним, айрым адамдар тартуунун өзүнөн дагы аны берип жаткан адамдын көңүл буруусун, мээримин, жылуу сөзүн күтөт. Мисалы, баланын оюнда мен энеме белек берүүгө милдеттүүмүн, сөзсүз колуна баалуу бир нерсе карматышым керек деген ой болушу мүмкүн. Бирок бүгүнкүдөй кымгуут жашоодо кооздолгон кутудан көрө жылуу сөздөр маанилүү болушу ыктымал. Андыктан кимге кандай белек берген күндө дагы, аны менен чогуу жагымдуу маанай, жылуу көз караш тартуулап коюуну унутпашыбыз керек.

Аял кишиге белек

Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жинденип, каның кайнап турса рулга отурба. Маршрутка айдоо этикети
Эртеңки Аялдардын эл аралык күнүн эске алып, кыз-келиндерге белек берүү өзгөчөлүгүнө дагы токтоло кетейин. Чындап эле аялга белек тандоо өтө татаал. Эгер сиз белек берчү адамды жакшы билбесеңиз, курбу-курдаштарынан кеңеш алып алганыңыз туура. Жалпысынан айта кетсек, эч бир аялды кайдыгер калтырбаган белек — гүл. Ал эми ката кетирип албайын десеңиз, аялдын табитин жана мурда колдонуп жүргөн каражатын билбесеңиз, атыр, упа жана башка косметикалык каражаттарга жолобоңуз. Анткени көпчүлүк кыз-келиндер айрым учурда башка бирөө тандамак турсун өзү сатып алган атырдын жытын оңой менен жактыра бербейт.

Белектен баш тартса болобу

Албетте болот, буга бир нече себеп бар. Мисалы, белектин баасы өтө кымбат болсо же аны берген адам сизге анча жакын болбогон учурда баш тартса болот. Бирок ал адам дагы ыңгайсыз абалда калбаш үчүн себебин түшүндүрүп, жылуу-жумшак баш тартуу зарыл.

Ыраазычылык

Сөз аягында белек үчүн ыраазычылык тууралуу айта кетели. Негизи белек алганда, аны берген адамдын көзүнчө ачып, бул нерсе сизге керек экенин жана көптөн бери эңсеп жүргөнүңүздү айтыңыз. Мындай учурда бул калп айтуу эмес, жөн гана адамдын көңүлүн алуу катары эсептелет. Эгер гүл болсо, дароо сууга салыңыз. Белекти алып, эч нерсе болбогондой ары жылдырып коюу туура эмес экени айтпаса деле түшүнүктүү болсо керек. Эгер сизге бир эле учурда бир нече адам белек берип жатса, баасына жана маанилүүлүгүнө карабай, баарын бирдей жылмаюу жана ыраазычылык менен кабыл алган туура.

Жаңылыктар түрмөгү
0