БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Мамлекеттик Думанын депутаты Айрат Хайруллин Татарстанда кулаган тик учакта каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Эл өкүлүнүн көз жумганын вице-спикер Сергей Неверов тастыктады.
"Тилекке каршы, Айрат Хайруллиндин кайтыш болуп калгандыгы тастыкталды. Буга ишенгим келбей турат, эмне дешти да билбейм. Анын жакындарына, туугандарына, досторуна көңүл айтабыз", — деп саясатчы Facebook баракчасына жазды.

Ал эми тик учактын ичинде депутаттан тышкары дагы эки адам болгону айтылды. Алар аман калган. Татарстандын Саламаттык сактоо министрлиги экөө оор абалда ооруканада жаткырылгандыгын билдирди.
Айрат Хайруллин “Единая Россия” партиясынан Мамлекеттик Думага IV, V, VI жана азыркы VII чакырылыштын депутаты, агрардык маселелер боюнча комитеттин төрага орун басары болгон. Эл өкүлү Forbes версиясы боюнча Россиянын эң бай 100 депутаты менен чиновниктеринин рейтингинде 96-орунду ээлеп келген. 2018-жылы толтурган декларациясына ылайык, парламентарий 158,88 миллион рубль иштеп таап, Татарстандан шайланып келген депутаттардын эң байы болчу. Хайруллиндин менчигинде үч батир жана турак үй бар экени айтылат.